Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


3-апрелден баштап "Мир" карталарын тейлөөнүн токтотулушу

03 Апрель 2024

Урматтуу кардарлар!

Банктар аралык Процессинг Борбору ушул жылдын 3-апрелинен баштап “Мир” төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтотуу чечимин кабыл алды. Банктын банкоматтары жана POS-терминалдары  Мир карталарын 2022-жылдан бери кабыл албай келерин эске салып кетмекчибиз.

Бүгүнкү күндө ЭЛКАРТ карталарынын ээлери КР аймагынан тышкары жерлерде, ошондой эле РФ аймагында операцияларды жүргүзө алышпайт жана товарлар, кызматтар үчүн төлөй алышпайт. Андан тышкары, жаңыртылган BakAi тиркемесинде ЭЛКАРТ карталарынан Мир  карталарына карта номери боюнча которуулар токтотулду.

Калган сервистер\эл аралык которуулар, ошондой эле чет өлкөдөн телефон номер боюнча которуулар штаттык режимде иштейт.

Ошол эле учурда башка төлөм системаларынын карталарын тейлөө өзгөрүүсүз калат деп сиздерди ишендирип кетмекчибиз. Биз сервисти жакшыртуунун жана кардарларыбызга жеткиликтүү боло турган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып баруудабыз.

Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн  жана биздин банкка ишеним артканыңыздар үчүн ыраазычылык  билдиребиз.

Поделится