KG

ААК “Бакай Банк” – бул ачык акционердик коом түрүндөгү универсалдуу коммерциялык банк.

Азыркы тапта ААК “Бакай Банктын” 76 сактык кассалары менен филиалдары  Кыргызстандын бардык аймактарында сапаттуу жана ыңгайлуу финансылык кызматтарды көрсөтөт.

Банк  ишмердүүлүгүндө финансы рыногунда өзүнүн позициясын жогорулатып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын финансы системасынын (тузүлүшүнүн) ажырагыс бөлүгүнө айланды. 

ААК “Бакай Банк”  20 жылдан бери Кыргызстан тургундарына банктык кызматтардын көп түрлөрүн сунуштап келет.

2018-жылдын 28-декабрында ААК “Бакай Банк” 20 жылдык маарекесин белгиледи. Негизги банктык көрсөткүчтөр боюнча “Бакай Банк” туруктуу өнүгүп олтуруп, өлкөнүн алдыңкы он банктарынын катарына кире алды. Бул убакыт ичинде жаңы социалдык демилгелер үчүн негиз болгон бир канча жумуштар аткарылды, таджрыйбалар топтолду.  20 жыл аралыгында банк тарабынан көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды: экономиканын реалдуу секторун каржылоо, кайрымдуулук, мамлекеттик медицина, маданият, искусство жана спортту колдоо.

Азыркы убакта банк  көптөгөн дүйнөнүн алдынкы жана ири Шериктеш банктары менен корреспонденттик мамиледе.

“Бакай Банк” ААКу 2002-2004-жылдар ичинде финансылык ишмердүүлүгү үчүн үч жыл катарынан Кыргызстандын мыкты банкы болуп таанылган. 2005-2006-жылдардагы ишмердүүлүгү үчүн 3-орунду ээлеген. 2012-жылы Кыргызстанда өткөн жарнама, маркетинг жана коом менен байланыш фестивалынын номинациясына ээ болгон. 2018-жылы “Тазабек” порталынын окурмандарынын тандоосу боюнча “Жылдын мыкты банкы” болуп аталган. “Бакай Банк” жылдан жылга динамикалык өнүгүп келет – заманбап кызматтар жана техникалык жаңылыктар киргизилүүдө. Жогоруда аталгандар кардарлардын банктык кызматтарды (интернет-банкинг, кардарларды колдоочу заманбап байланыш-борбору, on-line кеңештер жана башкалар) ыңгайлуу колдонууга жардам берет.

Банктын алгачкы иш күнүнөн баштап банктык операцияларды жүргүзүүгө жана ар бир кардарга жекече мамиле жасоого өзгөчө басым жасалып келет. Банктын жетекчилиги ар дайым кардарлар менен кызыктуу долбоордлорду, сунуштарды талкуулоого жана бардык каржы суроолорунда ылайыктуу чечим чыгарууга даяр.

 

Улуттук банк тарабынан берилген № 043 лицензия

Жаңылыктар

Валюта курсу

Сатып алууСатуу
USD81.700081.9000
EUR95.000096.5000
RUB1.02801.0520
KZT0.18600.2000
GBP94.0000110.0000
CNY9.000013.0000
Сатып алууСатуу
USD81.400081.9000
EUR94.400096.9000
RUB1.01501.1000
KZT0.15000.2050
GBP93.0000111.0000
CNY8.500013.5000
Эсептик курс
USD81.8000
EUR95.9514
RUB1.0372
KZT0.1893
GBP105.5285
CNY12.0852

Орнотуу боюнча курстан 30.10.2020

Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат