- Бишкек шаары боюнча 5 жумуш күнү ичинде, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча 10 жумуш күнү ичинде;
- Бишкек шаары боюнча 2 жумуш күнү ичинде, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча 5 жумуш күнү ичинде дароо чыгарылып берилет.
- Эң оболу банктын тарифи менен таанышып алып, андан соң төлөм картынан нак акча чыгарып алуу же ал аркылуу сатып алуудагы комиссиялык төлөмгө көңүл буруу талап кылынат.
- Башка банктардын жабдууларында тейленген шартта кошумча комиссия кармалышы мүмкүн.
- адатта банкоматтарда тиешелүү телефон номерлери көрсөтүлөт (0(312)61-00-61), дароо телефон чалып, келип чыккан жагдай тууралуу маалымдоо, ал эми талап кылынса, банктын бөлүмүнө өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл
- ПИН-код үч жолу туура эмес киргизилген шартта картка бөгөт коюлат, карттарга да колдонуу мөөнөтү белгилене тургандыгын эске алуу зарыл. Ал карттын алдыңкы бетинде көрсөтүлөт. Картты колдонуу талабын так сактоо зарыл. Анткени, чиптин жана/же магниттик тилкенин жараксыз болуп калышы карттын жокко чыгарылышына алып келет. Ушундай жагдайларда да төлөм картын кайра чыгартып калуу үчүн банкка кайрылуу зарыл.
- Элкарт жана VISA Electron/Classic/Gold логотиби көрсөтүлгөн кайсыл болбосун соода түйүнүндө же кызмат көрсөтүү ишканасында карт аркылуу төлөөгө болот. Логотип каалганын тышкы бетинде же касса аппаратында көрсөтүлөт.
- банктын филиалына же аманат кассасына кайрылуу зарыл;
- инсандыкты тастытктаган документти кошо ала келүү талап кылынат;
- документтердин толук топтомун толтуруу зарыл.
- Төлөм карттарын коопсуз пайдалануу үчүн банктын банкоматтарында нак акча чыгарып алууда бир транзакция үчүн 25 000 сом/300 АКШ доллары өлчөмүндө лимит белгиленген.
- VISA карттары аркылуу интернеттен сатып алгандар үчүн төлөөгө болот, бирок VISA карты сатып алууда кабыл алынышы шарттарын сайттан алып таанышууга болот.
- Төлөм картын ачууга банк коопсуздуктун камсыз кылынышы максатында карт аркылуу онлайн-төлөмдөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө чек коет. Он-лайн төлөмдөрүнөн пайдалануу үчүн банкка өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл же Bakai24 мобилдик тиркемеден коштурсаныз болот. Интернет аркылуу сатып алуулар үчүн карт аркылуу төлөөдө алдамчылык тобокелдиги күч алаарын да эске тутуу зарыл.