Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банктын кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо иштерине катышышты

13 Сентябрь 2023

Тазалаган жер эмес,

булгабаган жер таза болот

Жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жумасындагы ишемби күнү айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо жана туруктуу тазалыкты камсыз кылуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү” өткөрүлөт. Бакай Банк ал иш-чараны дайыма колдоп келет.

Быйылкы юбилейлик жылы “25 жыл- 25 жакшы иш” долбоорунун алкагында Бакай Банк ушул датада бүткүл Республика боюнча ишембилик өткөрүп эле тим болбостон, Ысык-Көлдүн жээгинде тазалоо иштерин жүргүзүүнү чечти.

Өткөн ишембиде Бакай Банктын кызматкерлеринин командасы көлдүн түбүн жана жээгин тазалоо үчүн суучулдар жана волонтерлор мене биргеликте ишембиликке чыкты.

Кыргызстандын Бермети

Айлан-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча өзүнүн миссиясын улантуу менен банк Ысык-Көлдү тазалоо иштерин уюштурду.

Иш-чарага Бакай Банктын бүтүндөй Ысык-Көл боюнча филиалдары жана Ислам каржылык борборунун кызматкерлери эле эмес, “Эко Деми” коомдук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү волонтерлор катышышты. Алардын бардыгы көлдү таштандыдан жана кирден арылтуу максатында чогулушту.

Бир-эки сааттын ичинде эле көлдүн түбүнөн жана жээктен 4 тоннадан ашык таштанды чогултулду.

Аяр мамиле кылуу

Бул демилге жаратылышка аяр мамиле жасоо керектигин эске салат. Ысык-Көл – бул биргелешип аракеттенүү менен келечектеги муунга мураска өткөрүлө турган улуттук байлык.

Ар бирибиздин планетабызга кам көрүүгө, экологияны сактоого өз салымыбызды кошууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экендигине ишенебиз.

Ар бирибиздин жасаган кичинекей кадамдарыбыз чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бизге кошулууга жана экологияны сактоого активдүү катышууга чакырабыз.

 

Бакай Банк

Эң ириде кубаттуу банк

КРУБ №043 Лиц.

Поделиться