Элкарт ЖМЭ карттары
ЖМЭ карты - бул ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын төлөм карты. Ал алтын, күмүш же платина түрүндөгү жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептерине байланган. Бул төлөм карты кардарларга баалуу металл түрүндөгү каражатка ээ болуу, банкоматтар жана ПОС-терминалдар аркылуу нак акча каражаттарына айландыруу, ошондой эле керектүү учурда сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес төлөө мүмкүндүгүн берет.
ЭЛКАРТ ЖМЭ картына акча каражаттарын толуктоо үчүн кандайдыр бир пайыз алынбайт. Картты толуктоо же нак акча каражаттарына алуу акысыз. Кошумча маалымат алуу үчүн "Бакай Банк" ААКтын кеңсесине кайрылсаңыздар болот.
Валюта: жеке белгиси көрсөтүлбөгөн баалуу металл: алтын, күмүш, платина
Чыгаруу: акысыз
Жылдык тейлөө: 1-жылы - акысыз, 2-жылы жана андан кийинки жылдары - 100 сом
Нак акча каражаттарына айландыруу: акысыз