Жетекчилик

Ибрагимов Сергей Мухамедович

Директорлор кеңешинин Төрагасы

Мундузбаева Бакита Абдыкалыевна

Директорлор Кеңешинин Төрагасынын Орун басары

Мырзабаева Мунара Артыковна

Директорлор кеңешинин мүчөcү

Ибрагимова Кира Сергеевна

Директорлор кеңешинин мүчөcү

Ибрагимов Тимур Сергеевич

Директорлор кеңешинин мүчөcү

Абдукаримова Айнура Алайчиевна

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Абласов Эрмек Туратбекович

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Асылбаева Гюльшат Кадыровна

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Садыркулова Айжан Медетовна

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү

Сатарова Нургуль Женишбековна

Башкарманын Төрайымы

Нургуль Жеңишбековна банктык сектордо, кредиттөө жана сатууларды тескөө жаатында 15 жылдык тажрыйбага ээ. Өзүнүн банктык кесиптик ишмердигин «ЭкоБанк» ААКтын Чакан жана орто бизнести кредиттөө бөлүмүндө такшалуучу болуп иштөө менен баштаган. Андан соң «ЭкоБанк» ААКта, «АТФ Банк» ААКта кызмат жактан жогорулоосун улантып, «Оптима Банк» ААКтын ири филиалдарынын биринин директору кызматына чейин жеткен. Гуманитардык жана экономикалык эки жогорку билимге ээ.

Нургуль Жеңишбековна кошумча билим алууга жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат. 2007 - жылдан бери төмөнкү тармактар боюнча окуулардан ийгиликтүү өткөн: ЕБРР микро жана чакан каржылоо программасы,бизнесте жеке натыйжалуулук, сүйлөшүү жүргүзүү, лидерлик,персоналды башкаруу, ыйгарым укуктарды өкүлдөө, Visa карталык продутуларын өркүндөтүү жана сатуу технологиялары. 

Көп жылдык сиңирген эмгеги үчүн 2018 - жылы «Кыргызстан Банктарынын Бирикмеси» ЮЖБ тарабынан Ыраазычылык кат менен сыйланган.

2020-жылы күзүндө «Бакай Банк» ААКтын башкаруучу командасына Башкарманын Төрагасынын Орун басары кызматына орношуу менен кошулган, андан соң Башкарманын Төрайымы болуп дайындалган.


Какеев Марат Саламатович

Башкарманын Төрайымынын Биринчи орун басары

Какеев Марат Саламатович 1976-жылдын 16-январында Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин экономикалык факультетин аяктаган. 2018-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1998-2007-жылдары КРУБдун Экономикалык башкармалыгында экономист, улук экономист, андан соң Көзөмөл Методологиясы жана Лицензиялоо башкармалыгында алдыңкы инспектор, башкы инспектор болуп эмгектенген.

2007-жылы «Дос-Кредобанк» ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Кеңешчиси, андан соң Башкарманын Төрагасынын Биринчи орун басары жана Башкарманын Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2008-жылы «ФинансКредитБанк КАБ» ААКтын Башкаруучу директору, андан соң Башкарманын Төрагасынын Орун басары. 2009-жылы «ФинансКредитБанк КАБ» ААКтын Башкарманын мүчөсү, Башкарманын Төрагасынын Биринчи орун басары. 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы. 2017-жылы «Евразиялык Сактык Банкы» ААКта Директорлор Кеңешинин мүчөсү, андан кийин Директорлор Кеңешинин Төрагасы болгон. 2017-жылы «БТА Банк» ЖАКта Директорлор Кеңешинин көз карандысыз мүчөсү – Директорлор Кеңешинин Төрагасынын Орун басары. 2018-жылдан баштап «БТА Банк» ЖАКтын Башкармасынын Биринчи орун басары. 2020-жылдан баштап «Бакай Банк» ААКтын Башкармасынын орун басары. 


Абакирова Умут Анарбековна

Башкарманын Төрайымын Орун басары

Өз ишмердигин «БТА Банк» ЖАКта ММФ ЕБРР программасы боюнча Микрокедиттөө бөлүмүнүн адиси кызматын аткаруу менен баштаган. Кыска убакыт аралыгында Үмүт Анарбековна адистик кызматтан филиалдын Микрокердиттөө бөлүмүнүн башчысы кызматына көтөрүлгөн. 2006-жылы Чакан жана орто бизнес башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Анын иш милдетине Банктын бардык филиалдарында микрокредиттөө бөлүмдөрүнүн иштерин уюштуруу жана контролдоо кирген. 2007-жылды Тобокелдиктерди тескөө башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына, андан кийин ошол эле башкармалыктын башчысы кызматына которулган. 2012-жылы Үмүт Анарбековна Башкаруучу директор болуп дайындалган, Кредиттик операцияларды тескөө-башкаруу жана мониторинг жүргүзүү башкармалыгы, Методология башкармалыгы сыяктанган түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишмердигин тескеген, ошондой эле Тобокелдиктерди тескөө башкармалыгын административдик жактан тескеген. Биригүүдөн кийин Аймактык өнүктүрүү боюнча директор кызматына которулган. Андан кийин Чекене сатуулар боюнча директор, андан соң Операциялык ишмердикти контролдоо боюнча директор кызматтарына которулган. 2021-жылы «Бакай Банк» ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Орун басары кызматына дайындалган.


Алыбаев Нурдин Иризбаевич

Башкарманын Төрайымынын Орун басары

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Банктык бизнес” факультетин бүтүргөн, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “Жарандык коом, үй-бүлөлүк укук, эл аралык жеке укук” адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолун 2004-жылы ошол кездеги “Инексимбанк” банкынын корпоративдик бизнес бөлүмүндө такшалуучу катары иштөө менен баштаган. Эмгек жолунда улам жогорку кызматтарга көтөрүлүп турган: корпоративдик кредиттөө бөлүмүнүн башчысы, корпоративдик бизнес департаментинин башчысы. 2013-2020-жылдары “БТА Банк” ЖАКтын филиалынын директору, ал эми 2020-жылдан баштап 2022-жылдын август айына чейин “Бакай Банк” ААКтын филиалынын директору болуп иштеген. 2022-жылдын август айынан баштап “Бакай Банк” ААКтын Башкармасынын Төрайымынын орун басары кызматында эмгектенип келет.

Өзгөчө өтөгөн кызматы, жогорку кесипкөйлүгү жана банктык секторду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызстан Банктарынын Бирикмесинин ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен сыйланган.


Коваленко Валентина Айдаралиевна

Башкарманын Төрайымынын орун басары

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетин бүтүргөн. Кыргызстандын банк системасында 16 жылдан ашык мезгил эмгектенип келет. Валентина Айдаралиевна өзүнүн эмгек жолун “Энергобанк” ААКтын чакан жана орто бизнести кредиттөө секторунун адиси болуу менен баштап, кийин ал секторду жетектеген.

 2007-жылы “АТФ Банк- Кыргызстан” ААКтын Аймактык координациялоо бөлүмүнүн аймактык менеджери болуп дайындалган, Банктын кредиттик бөлүмдөрүнүн иштерин, ошондой эле коштоочу бэкофистин иштерин координациялаган жана “ЮниКредит Банк” ААКтын (“АТФБанк-Кыргызстан” ААКтын жана “Энергобанк” ААКтын укук өткрүп алуучусу) Чакан жана орто бизнес сатуу башкармалыгынын аймактык менеджери кызматына чейин жогорулаган.

2018-2021-жылдары “ХалыкБанк Кыргызстан” ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Оруна басары кызматын аркалоо менен кредиттөө, чекене бизнес, маркетинг ишмердиги, байланыш-борбору тармактарын тескеген.  Банктык ишмердик менен алектенген жылдары башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, кредиттөөнүн өнөктөштүк программаларын иштеп чыгуу, кызматкерлердин штаттык курамын түзүү жана окутуу жааттарында зор тажрыйба топтогон. Техникалык сатуулар боюнча адистердин көптөгөн жергиликтүү жана эл аралык форумдарына катышкан. Үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан Банктар Бирикмесинин ардак грамотасы жана ыраазычылык каты менен сыйланган.


Ченгиз Лариса Георгиевна

Башкарманын Төрайымынын Орун басары

Ченгиз Лариса Георгиевна - банк тармагында 30 жылдан ашуун эмгектенип келе жаткан чебер финансист.

Банк ишмердигинин көптөгөн багыттары боюнча окуудан өтүп, төмөнкү багыттар боюнча сертификаттарга ээ болгон адис болуп саналат: “Банктык бухгалтердик эсеп”, “Финансылык эсеп”, “Башкаруучулук эсеп”, “Салыктар жана Укук”, “Корпоративдик башкаруу”.

Кыргыз Республикасынын банк тармагындагы узак жылдар бою үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызстан Банктар Бирикмеси тарабынан ардактуу наам жана “КББ мыктысы” төш белгиси ыйгарылган.

1993-2001-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын ар түрдүү банктарында бухгалтердик жана салык эсеби, финансылык контроль жана методология тармактарында эмгектенген.

2002-2005-жылдары “Экобанк” ААКта башкы бухгалтер, 2005-2007-жылдары “Экобанк” ААКта Башкарманын Төрагасынын Орун басары – Ресустар жана финансылык контролдоо департаментинин директору болуп иштеген.

2007-2020-жылдары “БТА Банк” ЖАКта Башкаруучу директор болуп иштеп, операциялык ишмердикти, филиалдарды жана карттык бөлүктөрдү көзөмөлдөгөн.

2020-жылдын 8-январынан баштап “Бакай Банк” ААКтын Башкармасынын Төрагасынын Орун басары кызматын аткарып келет. Операциялык департамент жана филиалдар, Банктык карттар департаменти, Аралыктан банктык тейлөө башкармалыгы жааттарын көзөмөлдөйт.


Брылев Павел Владимирович

Башкарманын мүчөсү

Компаниянын маалыматтык - технологиялык инфратүзүмүн колдоо боюнча зор тажрыйбасы бар эксперт. «Жаңы маалыматтык технологиялар» адистиги боюнча жогорку билими бар, ошол адистик боюнча магистр даражасына ээ. 2002 - жылдан баштап 2018 - жылга чейин Павел Владмирович «Оптима Банк» ААКта (андан мурда «АТФ Банк - Кыргызстан» ААКта, «ЮниКредит Банк» ААКта) эмгектенген. 2013 - 2018 - жылдар аралыгында «Оптима Банк» ААКта Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2018 - жылдан май айынан баштап «Дос - Кредобанк» ААКта Маалыматтык технологиялар департаментинин башчысынын орун басары болуп эмгектенген, ал эми 2019 - жылы «Дос - Кредобанк» ААКтын Башкармасынын курамына кирген. 2020 - жылдын март айынан тартып Павел Владимирович «Бакай Банк» ААКтын командасына кошулуп, IT - директор кызматына дайындалган. Банктын Башкармасынын мүчөсү болуп саналат.


Назаралиева Гульнара Токтоназаровна

Корпоративдик катчы