Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсеби — бул, сапат белгиси, куйманын номери жана аны даярдап чыгаруучу тууралуу маалыматтар көрсөтүлбөгөн, грамм менен өлчөнгөн баалуу металлдар чагылдырылган эсеп.
Баалуу металлга каражат жумшоо менен кантип кошумча акча табууга болот?
1. Баалуу металлга акча жумшоонун ыңгайлуу ыкмасы акрылуу.
2. Котировкалар алгылыктуу (керектүү) баага жеткен кайсыл болбосун убакытта баалуу металлды сатуу аркылуу.
Ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерин пайдалануунун артыкчылыктары:
Алтынга баа динамикасы (2005-2018-жылдар аралыгында)
Суроолор болсо 31-14-86-телефонуна чалып, жооп алууга болот.
Металл эсептери күрөөсү алдында кредит алуу
"Бакай Банкы" ААКсы металл эсептерине ээ болгондорго аларды күрөө катары сунуштоо менен кредит алуу ыңгайлуулугун да сунуштайт. Ошентип, Банк кардарлары баалуу металл эсептеринин камсыздоосу алдында кредитти гана тариздетпестен, үчүнчү жактар кредит алган шартта күрөө коюучудан да боло алышат.
Максаттуу аудитория:
Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыттары:
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун иш багыты.
Негизги шарттар:
Кредит 3 күндүк мөөнөт ичинде берилет
Өлчөнгөн куймаларды сатуу жана сатып алуу
«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген алтын куймаларды сатат жана сатып алат.
Баалуу металлдарга салымдар топтогон жыйымды сактоо каражаттарынын бири болуп саналат. Алтын куймалар жогорку ликвиддүүлүккө ээ жана баалуу металлдарга дүйнөлүк баа өсүп кеткен шартта да, мындай салым кошумча киреше алып келиши мүмкүн.
«БАКАЙ БАНКЫ» ААКсы алтын куймаларды сатып алуу жана сатуу кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланып калууну сунуштайт.
Салмагы 1 граммдан 31,1035 граммга чейинки өлчөнгөн куймалар ар кандай тышкы таасирлерден ишенимдүү коргогон капталып таңычакталган түрдө чыгарылган жана бул бир эле учурда анын сертификаты да болуп санлат. Таңычактын – сертификаттын бүтүндүгү өлчөнгөн куйманын анык экендигинин кепилдиги болуу менен кайра сатып алууда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Өлчөнгөн куйма же коргоо таңычагы – сертификаты жараксыз болуп калса же жок болсо, куйма кылдат экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш. Экспертиза кайра сатылып алынган куйма суммасынын 1% өлчөмүндө төлөм кармап калуу менен 14 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат.
Өлчөнгөн куйма капталган таңычакты сыйрып ачууга жол бербилбейт.
Жекеадамдарга өлчөнгө куймалар алардын ким экендигин тастыктаган документ (паспорт), ал эми юридикалык жактарга банкта эсеп ачуу үчүн талап кылынган документтер сунушталган шартта гана сатылат.
Куймаларды накталай сыяктуу эле, нак эмес түрдө, ошондой эле өлчөнгөн куймаларды сатып алуу-сатуу боюнча иш алып барууга ыйгарым укуктуу болгон “Бакай Банкы” ААКсынын мекемелеринин жүгүртүү кассаларында жайгашкан ПОС-терминалдарда банктык карттар аркылуу эсептешүү аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнгө салынган.
Алтын (Au) | Алтын куйма баасы: | ||
Салмагы, г.: | Туурасы,мм | Узундугу,мм | Сапат белгиси: |
1,00 г. | 8 | 13,8 | 999,9 |
2,00 г. | 11 | 18,9 | 999,9 |
5,00 г. | 14 | 24,1 | 999,9 |
10,00 г. | 15 | 25,8 | 999,9 |
31,1035 г. | 22 | 37,9 | 999,9 |
100,00 г. | 27 | 45 | 999,9 |
Кыргызстандын коллекциялык монеталары сувенирдик продукт же коллекция топтоо, инвестициялоо предмети гана болбостон, маанилүү маалыматтар булагы да болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, андан ары калыптанышына байланыштуу басып өткөн тарыхый жолду, маданий эстеликтерди, мааракелик күндөрдү, искусство, маданият жана спорт жаатында өзгөчө жетишкендиктерди, улуттук салт-санааны, оюн-зоокту кеңири даңазалоо, Кыргызстандын аймагында кездешкен, жок болуп бара жаткандыгынан улам өзгөчө камкордукту талап кылган флора, фауна, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнө айрыкча көңүл бурууга үндөгөн, тарых бетинде көөнөрбөс эмгеги менен өлбөс-өчпөс из калтырган кыргыздын чыгаан инсандарына таазим этип, алардын таалим-тарбиясында келечек муунду тарбиялоо максатында бир канча серия алкагында коллекциялык монеталарды чыгарып, тарыхта алардын татыктуу ордун тастыктап келет.
Бүгүнкү күндө коллекциялык монеталарды кесипкөй-коллекционерлер гана эмес, инвестиция топтоо жана жумшоого ниеттенген жөнөкөй жарандардын да ага болгон кызыгуусу артып бара жаткандыгын байкалууда.
№ | Монетанын аталышы | Номиналы | Металлы, пробасы | Сатуу баасы | Салмагы | Диаметри | Сапаты | Чыгарылган датасы | Сүрөтү |
1 | Ак илбирс | 200 сом | 999° алтындан эки асыл ташты чөгөрүү менен | 71'445 | 15.55 | 25,00 | Proof | 25.12.2015 | |
2 | Курманжан Даткага 200 жыл | 100 сом | 999° алтын | 27'600 | 7.78 | 22,60 | Proof | 08.08.2012 | |
3 | Кыргыз каганатынын женил куралданган жоокери | 10 сом | 925° күмүш оксидирлөө менен | 3'080 | 28.28 | 38,61 | Proof-like | 20.12.2016 | |
4 | Кыргыз каганатынын шайма - шай куралданган жоокери | 10 сом | 925° күмүш оксидирлөө менен | 3'300 | 28.28 | 38,61 | Proof-like | 07.12.2017 | |
5 | Курманжан Даткага 200 жыл | 10 сом | 925° күмүш эки Swarovski® кристаллын чөгөрүү менен | 2'200 | 28.28 | 38.60 | Proof | 08.08.2012 | |
6 | Жейрен | 10 сом | 925° күмүш/ 999° алтын менен капталган | 2 530 | 28,28 | 38,60 | Proof | 26.08.2013 | |
7 | Ак илбирс | 10 сом | 925° күмүш эки Swarovski® кристаллын чөгөрүү менен | 2 400 | 28.28 | 38.60 | Proof | 21.08.2012 | |
8 | Улуу Жибек жолу | 10 сом | 925° күмүш/ 999° алтын менен капталган жана түстүү эмаль колдонулган | 3 740 | 31.1 | 38.61 | - | 20.12.2011 | |
9 | Жамийла | 10 сом | 925° күмүш | 1 980 | 28.28 | 38.60 | Proof | 04.05.2009 | |
10 | Биринчи мугалим | 10 сом | 925° күмүш | 1 980 | 28.28 | 38.60 | Proof | 04.05.2009 | |
11 | Саманчынын жолу | 10 сом | 925° күмүш | 1 980 | 28.28 | 38.60 | Proof | 04.05.2009 | |
12 | Гүлсара | 10 сом | 925° күмүш | 1 980 | 28.28 | 38.60 | Proof | 04.05.2009 | |
13 | Ак кеме | 10 сом | 925° күмүш | 1 980 | 28.28 | 38.60 | Proof | 04.05.2009 | |
14 | Жусуп Баласагынга 1000 жыл | 10 сом | 925° күмүш алтын жалатуу менен | 3 564 | 28,28 | 38,61х38,61 | Proof | 01.11.2016 | |
15 | Эдуард чаар гүлү (Айгүл гүлү) | 10 сом | 925° күмүш тампондук ыкмасы менен | 2 662 | 28.28 | 38,61*28,81 | Proof | 20.12.2016 | |
16 | Каркыра | 10 сом | 925° күмүш алтын жалатуу менен | 3 465 | 28.28 | 38,61*28,81 | Proof | 07.12.2017 | |
17 | Тоодак | 10 сом | 925° күмүш түстүүөзгөртүү ыкмасы жана алтын жалатуу менен | 2 200 | 28.28 | 38.60 | Uncirculated | 15.06.2015 | |
18 | Үкү | 10 сом | серебро 925° күмүш тампондук ыкмасы менен | 1 650 | 28.28 | 38.60 | Proof | 11.08.2014 | |
19 | Бугу эне | 10 сом | 925° күмүш, түстүү эмаль колдонулган | 1 980 | 31,1 | 38.60 | - | 29.10.2009 | |
20 | Бүркүт | 10 сом | 925° күмүш, түстүү эмаль колдонулган | 1 980 | 31,1 | 38.60 | - | 29.10.2009 | |
21 | Манастын Күмбөзү | 10 сом | 925° күмүш оксидирлөө менен | 1 980 | 28.28 | 38.60 | Proof | 11.08.2014 | |
22 | Саймалуу-Таш | 10 сом | 925° күмүш тампондук ыкмасы менен | 2 750 | 28,28 | 38,6 | Proof | 26.08.2013 | |
23 | Эгемендүү Кыргызстан" | 10 сом | 925° күмүш/ 999° алтын менен капталган жана түстүү эмаль колдонулган | 2 860 | 28.28 | 38.60 | Proof | 15.08.2011 | |
24 | Түндүк көтөрүү | 10 сом | 925° күмүш, түстүү эмаль колдонулган | 1 650 | 31,1 | 38.60 | - | 01.10.2010 | |
25 | Сулайман-Тоо | 10 сом | 925° күмүш/ 999°алтын менен капталган | 2 750 | 28.28 | 38.60 | Proof | 20.04.2009 | |
26 | Бишкек | 10 сом | 925° күмүш, түстүү эмаль колдонулган | 1 980 | 31,1 | 38.60 | - | 18.12.2008 | |
27 | "Комуз" | 10 сом | 925° күмүш | 3 195.50 | 28,28 | 38,61 | Proof | 10.05.2018 | |
28 | Чыңгыз Айтматов - 90 жыл | 20 сом | жез-никель | 770 | 25 | 38,61 | Proof-like | 29.10.2018 |