Бакай Банк Кыргыз Республикасынын рыногунда тынымсыз өнүгүүдөгү ийгиликтүү банк болуп саналат. Биз банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн көптөгөн түрлөрүн сунуштоону өзүбүздүн максатыбыз деп эсептейбиз жана кардарларыбыздын муктаждыктарын канааттандырып турууга ар дайым даярбыз.

Документтик инструменттер эл аралык соода тармагында ишкерлерди колдоо боюнча багыттардын бири болуп эсептелет. Банк бул багытта эл аралык тажрыйбада колдонулуучу эрежелерге ылайык иш алып барат.

Биз документтик операцияларды сунуштап эле тим болбостон, ал иштерди өз кардарларыбызга кам көрүү менен аткарабыз. Биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздүн комплекси жекече түрдө тандалып алынат жана өзүнө документтерди тариздөө маселелери боюнча кеңеш берүүлөрдү, бүтүмдөрдүн финансылык шарттарын талдоону жана тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча сунуштарды камтыйт. Кардардын муктаждыктарын жана бүтүмдүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен биз контрагент менен макулдашылчу шарттарды оптимизациялоого аракеттенебиз.

Эгерде товарларды экспорттоо же импорттоо боюнча активдүү иш алып барсаңыз жана чет элдик өнөктөштөрдөн товарларды сатып алуу же аларга өз товарларыңызды сатуу менен алектенсеңиз, анда эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн сизге төмөнкү документтик операциялардын бирин тандоону сунуштайбыз:


АККРЕДИТИВ
Аккредитив – бул  сатып алуучу менен сатуучунун ортосундагы эсептешүүлөрдүн атайын формасы, ал эсептешүү формасы экөөнү тең бирдей коргойт. Бул учурда Банк келишимде каралган документтер берилгенден кийин сунуштоочуга товарды же кызмат көрсөтүүнү төлөө милдеттенмесин ортомчу катары өзүнө алат.
Аккредитивди колдонуу менен жүргүзүлгөн эсептешүүлөр:

  • тобокелдиктерди азайтат жана алдын ала төлөө жүргүзбөөгө мүмкүндүк берет;
  • каржылоо алууга мүмкүндүк берет;
  • бүтүмдү аткарууда эл аралык эрежелердин сакталышы үчүн шарттарды түзөт.


Чет өлкөлөргө товарларды импорттоочу кардарларыбыз үчүн чет элдик сатуучулардын пайдасына чакыртып алынгыс аккредитивдердин бардык түрүн ачабыз.

Кардарларга аккредитив боюнча эсептешүүлөрдүн келишимдик шарттарын түзүү боюнча кеңеш алуу үчүн бизге тышкы соода контракты түзүлгөнгө чейин кайрылууну сунуштайбыз, анткени биз тараптан берилчү көмөк бүтүмдү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

Биздин кардарлар үчүн артыкчылыктар:

Ишенимдүүлүк

  • Тышкы экномомикалык опреациялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кардарлардын тобокелдиктерин азайтат;
  • Экспорттоочунун жана импорттоочунун кызыкчылыктарын эске алуу мүмкүндүгү;
  • Төлөбөй коюу тобокелдигин азайтуу.

Пайда

  • Төмөндөтүлгөн пайыздык чен;
  • Каржылоо сунуштоо, ошондой эле 1 жылга чейинки мөөнөткө пост-каржылоо/төлөмдүн мөөнөтүн узартуу/дисконттоо менен.

Ыңгайлуулук

  • Бардык кызыккан суроолор боюнча өз учурунда кеңештерди алып туруу мүмкүндүгү;
  • Билдирмени кыска мөөнөттүн ичинде аткаруу;
  • Банктын кардарларынын соодалык бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аларга ийкемдүү мамиле жасоо.

БАНКТЫК ГАРАНТИЯЛАР

Банктык гарантия – келишимдин башка тарабына кардардын карызын төлөөгө банктын макулдугу. Төлөп берүү бенефициардын жазуу жүзүндөгү талабы берилгенде, айрым учурларда банктык гарантияда көрсөтүлгөн кошумча документтер берилгенде жүргүзүлөт.

Биздин Банктан өлкөнүн ичинде жана эл аралык банктык тажрыйбада колдонулуучу банктык гарантиялардын бардык түрлөрүн алсаңыз болот:

  • төлөм гарантиясы,
  • аванстык төлөмдү кайтаруу гарантиясы,
  • келишимди талаптагыдай аткаруу гарантиясы,
  • конкурска жана тендерге катышуу гарантиясы,
  • бажы органдарына гарантия,
  • жергиликтүү жана чет элдик банктардын пайдасына контр-гарантиялар ж.б.

ИНКАССО
Инкассо - бул акча каражаттарды төлөөчүдөн акча каражаттарын алуучуга банк аркылуу өткөрүп берүү боюнча банктын ортомчулук операциясы, ал акча каражаттары алуучунун эсебине которулат.  

  • Аткарылышы жеткиликтүү болгон банктык операция;
  • Товар үчүн төлөө ошол товарлардын жүктөлүп жөнөтүлгөндүгүн тастыктоочу транспорттук документтер боюнча жүргүзүлөт;
  • Анык жеткирилген товарды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу (вексел/тратта акцепттүү болгон учурда);
  • Документтер импорттоочуга төлөм же векселдин/траттын акцепти боюнча гана өткөрүлүп берилет (төлөмдүн мөөнөтү узартылган учурда).


Документтик операциялар боюнча комиссиялар

“Документтик операциялар жана соодалык каржылоо” презентациясы

    Валюта курсу

    Сатып алууСатуу
    USD87.320088.3200
    EUR93.000094.0000
    RUB1.14001.1900
    KZT0.13500.2080
    GBP0.00000.0000
    CNY10.500014.0000
    Сатып алууСатуу
    USD87.000087.4700
    EUR92.500094.5000
    RUB1.12001.2000
    KZT0.12500.2100
    GBP0.00000.0000
    CNY10.000015.0000
    Эсептик курс
    USD87.4199
    EUR93.6049
    RUB1.1774
    KZT0.1969
    CNY12.7614

    Орнотуу боюнча курстан 01.04.2023

    Указанные курсы валют действуют для головного отделения банка (филиал "Главный"). Курсы в других отделениях банка могут отличаться. Курсы действительны для суммы до $1000 (или эквивалента этой суммы в других валютах), курсы для суммы свыше $1000 являются договоренными.