Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Банктык эсебиңизди алдамчылардан кантип коргоо керек?

07 Июнь 2024

Азыркы заманда интернет биздин жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана онлайн финансылык операциялар кайдыгер көрүнүш болуп калды. Бирок, ыңгайлуулук менен бирге алданып калуу тобокелдиги дагы жогорулоодо.

Жеке маалыматтарды эч кимге бербеңиз.

Өзүңүздүн банктык маалыматтарыңызды кайсы бир жерлерде кимдир бирөөгө берүүдө сак болуңуз. Башка адамдарга өзүңүздүн ПИН-коддоруңузду, CVV-коддоруңузду же банктык карталардын номерин ачыктабаңыз. Банк кызматкерлери эч качан жогорудагы маалыматтарды телефон же электрондук почта аркылуу сурашпай тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.

Шектүү шилтемелерди ачпаңыз

Алдамчылар банктын сайтына же онлайн-дүкөндөргө, курьердик кызматтарга окшош болгон сайттарды түзүшөт, алар ушунчалык окшош болгондуктан, сиз өз маалыматтарыңызды коопсуз баракчага жайгаштырып жатам деп ойлойсуз. Сайттын дарегин ар дайым браузердин сабында тешкериңиз, эгерде ал расмий сайттан айырмаланса, анда сиздин алдыңызда шылуундардын сайты болуусу толук мүмкүн.

Социалдык тармактарда сак болуңуз

Социалдык тармактарга жеке маалыматтарды ашыкча жайгаштырбаңыз. Шылуундар сиз жөнүндөгү маалыматтарды алдамчылык иштеринде колдонуусу мүмкүн. Купуялуулукту сиздин маалыматтарыңызга ишенимдүү адамдар гана жеткиликтүүлүк алгандай кылып тууралаңыз.

Социалдык инжирингди түшүнө билүү маанилүү

Социалдык инжиринг – бул купуялуу маалыматты алуу үчүн алдамчылардын адамдарды жазгыруу боюнча усулу. Алар сизди жеке маалыматтарды берүүгө же өз кызыкчылыктарында аракет кылууга мажбурлоо менен, сизди ишендирүү же коркутуу үчүн психологиялык ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүүдө, өзгөчө сизден жеке маалыматтакрыңызды же финансылык маалыматтарды сурашкан учурда сак болуңуз. Шылуундар сиздин жакындарыңыздын, досторуңуздун жана кесиптештериңиздин үнүн окшоштуруп жасап коюушу мүмкүн экендигин эске алыңыз.

Ушул жөнөкөй кеңешти аткаруу менен сиз интернетте өзүңүздүн коопсуздук деңгээлиңизди олуттуу жогорулата аласыз жана банктык маалыматтарыңызды шылуундардан коргой аласыз. Тармактагы коопсуздук – бул сизден кылдаттыкты жана сактыкты талап кылган тынымсыз процесс экендигин эсиңизден чыгарбаңыз.

Поделиться