Эми «Перекресток унаа борбору», «Эстакада унаа борбору» жана «Бедачи» унаа борборлорунун Toyota, Lexus, BMW, KIA же Ravon автоунааларынын кредитке сатып алса болот.
Жаңы автоунаа сатып алуу үчүн анын наркынын 20 пайыз өлчөмдөгү, ал эми колдонулган автоунаа сатып алуу үчүн - 30 пайыздан жогору өлчөмдөгү баштапкы төгүм төлөө керек. Эгерде андан аз сумма кригизилсе, кошумча камсыздоо - кыймылсыз мүлк талап кылынат.
Кредит 21 жаштан 65 жашка чейинки эмгек акы алышкан адамдарга, ошондой эле жеке ишкерлерге берилет. Кредиттөөнүн мөөнөтү 5 жылга чейин.
«Бакай Банк» бардык керектүү документтер берилген болсо, арызды кыска мөөнөттө - 5 күндөн ашпаган мөөнөттө карап чыгат.
Сом менен пайыздык чен - жылдык 18,5% (натыйжалуу пайыздык чен - 20,20%).
Доолар менен пайыздык чен - жылдык 13% (натыйжалуу пайыздык чен - 13,84% чейин).
- Эмгек акысы жана/же пенсия, ижара түрүндө киреше алуучу же агробизнес менен алектенүүчү жеке адамдар жана патенттин жана/же ЖИ Күбөлүгүнүн негизинде иш жүргүзүшкөн жеке ишкерлер. Жаш курагы 21 жаштан баштап, кредит жабылган учурга карата 65 жашка чейин болуусу керек.
- Акыркы иштеген жериндеги иш стажысы 6 айдан кем болбошу керек.
- Кредит боюнча ар айлык төлөмдүн суммасы эмгек акынын/айына алынчу кирешенин 50 пайызынан ашпашы керек (бардык камсыздандыруу төлөмдөрү жана салыктар кармалгандан кийин).
- Карыз алуучунун анын жубайынын, күрөө берүүчүнүн/кепилдик берүүчүнүн жана алардын жубайларынын (эгерде бар болсо) паспортторунун көчүрмөсү;
- Карыз алуучунун (күрөө берүүчүнүн /кепилдик берүүчүнүн үй - бүлөлүк абалы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (эгерде бар болсо);
- Акыркы 6 - 12 айдагы эмгек акысы, пенсиясы жөнүндө маалым кат, карт - эсептин Банктын кызматкерлеринин кол тамгасы тастыкталаган көчүрмөсү, же башка банктардагы эсептетринин ошол көрсөтүлгөн мезгил үчүн көчүрмөлөрү;
- Патент акыркы 3 - 12 ай үчүн берилет, өзгөчө учурларда 1 ай үчүн патенттер кабыл алынат.
- Үй - бүлө курамын көрсөтүү менен анык жашаган жеринен маалым кат;
- Күрөөгө сунушталып жаткан кыймылсыз мүлктүн документтери (укук белгилөөчү документтер, курууга карата техпаспорт, Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестрден алынган, Мамлекеттик каттоо тарабынан берилегн көчүрмөсү;
- Карыз алуучунун/үй - бүлө мүчөлөрүнүн кошумча кирешесин тастыктоочу документтер (пенсия, айкалыштырып иштеген жумуш, ижара келишим ж.б.)
- Кредит ишкердиктен түшкөн кирешенин эсебинен төлөнө турган болсо, анда бизнес жайгашкан жерге баруу менен, Пайдалар жана чыгашалар жөнүндө отчет же зарыл болсо, акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө отчет түзүү аркылуу финансылык талдоо жүргүзүлөт.
Рассчитайте свой кредит
Консультация алууга билдирме калтырыңыз
Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот
- 6111 (уюлдук телефондон)
- +996 554 00 61 11 (Whats App)