Бакай Банк Виртуалдык карта аталышындагы жаңы кызмат көрсөтүүнү ишке киргизгендигин кубануу менен кабарлайт. Виртуалдык картаны Bakai24 тиркемесинде ачып, интернет-сатып алууларды жүргүзсөнүз болот.
Виртуалдык карта – бул пластик түрүндөгү алып жүрүүчүсүз төлөм карта, бардык реквизиттер (аракеттенүү мөөнөтү, эсеп) мобилдик тиркемеде сакталат, CVV код и картанын номери смс-билдирүү аркылуу келет*.
Бул картанын артыкчылыктары:
∙ картаны тез арада чыгаруу;
∙ колдонууга ыңгайлуу;
∙ коопсуздук.
Виртуалдык карта Бакай24 тиркемеси аркылуу дароо эле чыгарылат.
Картанын аракеттенүү мөөнөтү – 3 жыл.
Валютасы: Элкарт – сом;
Жылдык тейлөө - 0 сом (2023-жылдын 31-декабрьга чейин).
* СМС-билдирүүлөрдү КР операторлорунун номерлерине жөнөтүлөт.
Сканируйте, чтобы перейти в приложение BakAi