VISA Gold -бул элиталык VISA карты. Жетиштүүлүгү жогору болгон ишкер адамдар үчүн арналаган мартабалуу карт. Visa Gold карттарынын ээлери Глобалдык жардам кызматына кошулган. Ал кызмат суткасына 24 саат бою юридикалык консультацияларды акысыз берүүгө, жоголгон жана уурдалган карттар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алууга даяр, ошондой эле карт чет өлкөдө жоголгон учурда нак акча каражаттарын алууну же жоголгон карттын ордуна убактылуу карт алууну камсыз кылат.
Бул дүйнөдөгү барктуу карттардын бири. Ал карт ээсинин жогорку мартабалуу жана дөөлөттүү экендигин билдирип турат.
Валютасы: сом, доллар
Чыгаруу: акысыз
Жыл ичинде тейлөө: 1-чи жыл — акысыз, 2-чи жыл жана кийинки жылдар - 200 сом/$2
«Бакай Банкы» ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот