Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


ИӨБ эксперттик миссиясы менен жолугушуу

28 Июль 2023

Бакай Банктын жетекчилиги 2023-жылдын 25-июлунда Ислам Өнүктүрүү Банкынын эксперттик миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасында ислам банкингин өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер көтөрүлдү.

Ислам Каржы борборунун ишмердигинин багыттары жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Инвестициялык инструменттерди ишке киргизүү, банктын ислам каржылоо принциптери боюнча иштешкен кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана чет өлкөлөрдө такшалуудан өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

 “Банк ишмердиги жаатындагы дүйнөлүк лидерлер менен кызматташуу Ислам Каржылоо Борборун андан ары өркүндөтүүгө жана продуктулук тилкени кеңейтүүгө мүмкүндүк берет” – деп белгиледи өз сөзүндө Бакай Банктын Төрайымы Нургүл Сатарова.

Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү өз кезегинде, өлкөбүздөгү ислам банкингинин өнүгүүсү боюнча жакшы пикирлерин айтышып, мындан ары дагы кызматташуу ниетин билдиришти.

Поделится