Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Келечектин банкинги. “Бакай Банк” жаңы филиал ачып, онлайн-кредиттерди ишке киргизди

21 Июль 2023

Бүгүн Бакай Банк өзүнүн чекене кредиттерди берүүгө багытталган инновациялык филиалын ачты. Аталган филиал өлкө боюнча филиалдык тармакты кеңейтип эле тим болбостон, заманбап банк өз кардарлары жана өнөктөштөрү үчүн эмнелерди сунушташы керек экендиги жөнүндөгү пикирди олуттуу өзгөртмөкчү.

Ишке киргизүү аземин Бакай Банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы Тимур Ибрагимов ачып, өз сөзүндө төмөнкүлөрдү билдирди: “Ушул жылы “Бакай Банк” 25 жашка толуп жатат. Бизге ишеним артышкандыктары үчүн бардык кардарларыбызга ыраазычылык билдиребиз. Биздин банкты каржылык өнөктөш катары тандагандыгыңыздар үчүн рахмат. Биз чекене бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, сиздер менен биргеликте ийгиликтерге карай сапар тартуудабыз. Бүгүн биз кардарларыбызды тейлөөнү эң ыңгайлуу жана натыйжалуу кылуу үчүн бөлүмдөрдүн тармактарын кеңейтүүдөбүз”.

Бакай Банк өз ишмердигинин башынан баштап эле технологиялык прогрессивдүүлүктү жана тейлөө ыңгайлуулугун айкалыштыруу менен санариптик доордун тенденциясын чагылдырган филиал түзүүгө умтулуп келген. Натыйжада ар бир элементи кардарлардын жана кызматкерлердин муктаждыктарын эске алуу менен түзүлгөн филиал ачылды.

– Биздин максатыбыз – азыркы доордун чакырыктарына жооп бере турган жана кардарларыбыздын муктаждыктарын канааттандыра турган, келечектин банкын түзүү – деп кошумчалады Бакай Банктын Башкармасынын Төрайымы Нургүл Сатарова.

Жаңы филиалдын негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • 24/7 мезгил бою өзүн өзү тейлөө аймагы: жеке адамдар үчүн дагы, юридикалык жактар үчүн дагы банктык операциялардын көпчүлүгүн Банк кызматкерлеринин катышуусусуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
  • Жаңы технологияларды пилоттук колдонуу: жаңы филиал жаңы идеяларды, продуктуларды жана сервистерди тестирлөө борбору катары иш алып бармакчы.
  • Онлайн-кредиттерди берүү: филиалды ачуу алкагында Бакай Банк жаңы продуктуну ишке киргизди. 36 айлык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки кредитти түз эле Bakai24 тиркемеси аркылуу алса болот.

Сиздерди Абдрахманов көч, 125 дареги боюнча ачылган жаңы филиалыбызда көрүүгө кубанычта болобуз.

 

Бакай Банк

Эң ириде кубаттуу банк.

Лицензия НБКР №043.

Поделится