Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


BakAi тиркемесинин ири жаңылануусу. Трансформациянын башталышы

02 Апрель 2024

Биздин Банк сегиз жылдан бери мобилдик тиркемени өнүктүрүп, аны финансылык тармактагы алмаштырылгыс инструмент катары сунуштап келет. Бүгүн биз BakAi тиркемесинин жаңы дизайнын жана мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап жаткандыгыбызга кубанычтабыз.

Дизайн жана символика.  BakAi тиркемесинин жаңы логотибине Манастын кеңешчиси болгон Бакай атабыздын элеси түшүрүлүп, акылмандыктын, көрөгөчтүктүн, адилеттүүлүктүн жана жоопкерчиликтин символун чагылдырып турат. Көк түс туруктуулуктун, ал эми кызыл түс – чечкиндүүлүктүн жана лидерликтин символун берип турат.

Тиркеменин баалуулуктары. BakAi мобилдик тиркемесинин өзөгүн  интеллект, инновацииялар, чынчылдык жана коопсуздук түзөт.

BakAi тиркемесинде кандай жаңылануулар болду?

- Колдонуучулар тиркемени өтө жеңил жана оңой колдоно алышат. Маселелер бир-эки чыкылдатып басуу менен эле чечилет. Тиркеме менен өз ара аракеттенүү абдан ыңгайлуу.

- Колдонуучуларды текшерүүнүн (аутентификация) жана тиркемени колдонууда маалыматтарды коргоонун заманбап ыкмалары киргизилди.

BakAi – бул кызматтар үчүн төлөөнү бир-эки чыкылдатып басуу аркылуу ишке ашыруу, коопсуздук жогорку деңгээлде сакталат:

- телефон номери боюнча которуу;
- коммуналдык кызматтар, ТВ, интернет, мобилдик байланыш үчүн төлөө;
-  мамлекеттик кызматтарды төлөө;
-  Россиянын банктык карталарына акча каражаттарын  которуу;
-  Казакстандын банктык карталарына акча каражаттарын  которуу.

BakAi – бул коопсуздук деңгээли жогору болгон финансылык мүмкүнчүлүктөр:

- депозитти онлайн ачуу;
- 200 000 сомго чейинки онлайн-кредит;
-  карыздарды текшерүү;
- паспорттун маалыматтарын текшерүү;
- Visa Gold виртуалдык карталарын ачуу;
- QR-код аркылуу төлөө;
- BakaiGPT, мамлекеттик кызматтар, ММК полиси, Е-патент;
- эсептерди жана карталарды тескөөгө алуу.

BakAi тиркемесине өтүп, финансылык мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!

Поделится