Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банк жасалма интеллект жаатында активдүү иш алып барууда: BakaiGPT пилоттук долбоор ишке киргизилди

18 Март 2024

Бакай Банктан сунушталган BakaiGPT – ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ Bakai24 тиркемесинде бүткүл Кыргызстан боюнча жеткиликтүү

Бакай Банк – BakaiGPT жасалма интеллекти менен жабдылган мобилдик банкинг сунуштаган алгачкы инновациялык банк. Бакай Банк VISA системасынын колдоосунда өлкөбүздүн технологиялык өркүндөөсунө өз салымын кошуп, Бакай 24 мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстандын ар бир жашоочусуна жасалма интеллектке негизделген алдыңкы техологияларга жеткиликтүүлүктү акысыз сунуштайт.

BakaiGPT – бул OpenAI компаниясынын базасында түзүлгөн жана GPT (Generative Pre-trained Transformer) архитектурасына негизделген жасалма инетеллекттин алдыңкы модели болуп саналат. Бул инновациялык технология банктык тиркеме аркылуу Кыргызстандын рыногунда алгачкы болуп сунушталууда.

Бакай Банктын кардарлары интеллектуалдык чат-жардамчынын кызматын акысыз пайдалана алышат, мунун өзү Бакай 24 тиркемесин каржыларды тескөө үчүн ыңгайлуу инструмент эле кылбастан, мобилдик банкинг менен өз ара аракеттерди жаңы деңгээлге алып чыгат. Ар бир колдонуучу өзүнүн өтө акылдуу жеке жардамчысына ээ болуп калмакчы, ал жардамчы төмөнкүлөрдү аткарууга жөндөмдүү:

- Кандай болбосун суроолорго ыкчам жооп берүү.

- Программисттерге программалык код жазууга жардам берүү.

- Каржыларды оптимизациялоо боюнча кеңештерди берүү.

- SMM адис үчүн контент-план түзүү.

- Сүйлөшүү үчүн ар андай темаларды сунуштоо.

- Кечки тамакка эмне даярдоону же тамактардын рецепттерин айтуу.

- Куттуктоо, кат жазуу же резюме даярдоо

жана башка көптөгөн нерселер.....

Өзгөчө каржы маселелери жөнүндө сөз болгон учурда маалыматтардын коопсуздугу жана купуялуулугу боюнча суроолор биринчи орунда турат. Bakai24 тиркемесинин иштеп чыгуучулары BakaiGPT чат аркылуу өз ара аракеттенүүдө жеке маалыматтардын корголушуна өзгөчө көңүл бурушту. Бардык маалыматтар шифрленет, ал эми жеке маалыматка жеткиликтүүлүк катуу чектелген, биздин кызматтарыбызды кооптонбостон ишенимдүү пайдалансаңыздар болот. Купуя белгилер, коддук сөз, картаңыздын маалыматтары, паспорттук маалыматтар сыяктуу жеке маалыматтарыңыздарды, ошондой эле башка купуялуу маалыматтарды BakaiGPT же кайсы болбосун башка онлайн-платформалар аркылуу жөнөтпөңүздөр. BakaiGPT колдонуучулар жөнүндө маалыматты сактабайт жана эске тутуп калбайт.

Сервис билим берүүчү-көңүл ачуучу мүнөзгө гана ээ экендигин унутпоо керек. BakaiGPT ар дайым эле абсолюттук түрдө так же акыркы маалыматтарга ээ боло бербейт. Маанилүү маселелер же чечимдер жөнүндө сөз болгон учурда жоопту көңүл буруп окуп, BakaiGPT жана башка булактар аркылуу келген маалыматтарды кайра текшерип чыгуу керек.

BAKAI24 тиркемесинде → “Төлөмдөр” → “Сервистер” бөлүмү → “BakaiGPT” сервисин тандаңыз. Бакай Банктын мобилдик банкингин пайдаланууда жаңы мейкиндиктерди ачыңыздар. Bakai24 жүктөп же жаңыртып алып, жаңы жардамчыңыз менен баарлашууну азыр эле баштаңыздар!

 

Бакайга өтүп, инновациялларды тандаңыз!

BAKAI24 тиркемесин жүктөп алуу: Google Play | AppStore

Поделится