Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банк Бишкек шаарында өзүнүн алгачкы жашыл филиалын ачты

28 Сентябрь 2023

Климатты сактоо аң сезими жана иш алып баруунун туруктуулугу олуттуу мааниге ээ болуп бара жаткан заманда биз Бакай Банк Грин филиалын ачуу менен алдыга карай чечкиндүү кадам жасадык.

Бул филиалдын ачылышы биздин экологияга кам көрүүгө багыт алгандыгыбызды жана туруктуу өнүгүүгө умтулгандыгыбызды айкындап турат. Биз планетабызды сактоо кечиктирилгис милдет болуп саналган заманда жашап жатабыз. Финансылык мекеме катары биз курчап турган чөйрө алдындагы жоопкерчилигибизди жана бардыгыбыз үчүн жаркын келечек курууга салым кошууга милдеттүү экендигибизди сезе билебиз.

Курчап турган чөйрөгө келтирилчү зыянды азайтуу принциптери филиалдын ишинин өзөгүн түзөт:

  • жарыктандырууда, жылытууда жана муздатууда энергиялык жактан натыйжалуу системаларды колдонуунун натыйжасында көмүр кычкыл газынын жана парниктик газдардын чыгышын азайтуу; 
  • кеңсе кагаздарын кайра иштетилген сырьедон жасалган кагаздарга же Токой камкордук көрүү кеңешинин схемасы боюнча сертификацияланган кагаздарга алмаштыруу;
  • таштандыны түрүнө жараша өзүнчө бөлүп таштоо, аны алып чыгуу жана андан аркы кайра иштетүү маданиятын киргизүү;
  • курмында хлор жана фосфат камтылган, тиричиликте колдонулуучу химияны пайдалануудан баш тартуу;
  • пластик идиштерди нымга туруктуу картондон жасалган идиштерге алмаштыруу;
  • пластик баштыктардан баш тартып, экологиялык таза баштыктарды пайдалануу;
  • кызматтык унаа катары электромобилди колдонуу.

«Биз таксопарктар үчүн электромобилдерди сатып алууну каржыладык. «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен ийгиликтүү кызматташып келебиз. «Бир кызматкер – бир дарак» принцибин негизге алып, өлкөбүздүн бардык аймактарында бак отургузууну демилгеледик. Банк газ менен иштөөчү жылыткычтарды бөлүп төлөө шарты менен пайызы жок сатып алуу мүмкүндүгүн сунуштайт, мунун өзү Бишкек шаарында түтүн маселесин чечүүдө зор мааниге ээ. Жашыл филиалдын ачылып жаткандыгына сыймыктанып тургандыгыбызды жашырбайм. Жамаатыбыз өлкөбүздөгү экологиялык абалын жакшыртуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы» - деди өз сөзүндө Банктын Башкармасынын Төрайымынын орун басары Нурдин Алыбаев.

Бакай Банк өлкөбүздөгү алдыңкы финансылык мекеме катары “экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатты” киргизип, инновациялык финансылык продуктуларды иштеп чыгууга алгачкылардан болуп киришти, мунун өзү кардарларга туруктуу жана экологиялык жактан жооптуу ишканаларды инвеситциялоого мүмкүндүк берет.

Green филиалы биздин баалуулуктарды тең бөлүшкөн жана экологиялык жактан жооптуу болууга умтулушкан кардарларыбыз үчүн платформа болуп калмакчы. Биздин кардарларыбыздын жана коомубуздун экологиялык таза тарапка багыт алуусуна көмөк көрсөтүү үчүн жашыл демилгелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө аракеттенебиз.

Бакай Банк Грин филиалына кош келиңиз, бул жерде банк ишмердиги жогорку ыкчамдыкка жана туруктуу өнүгүүгө дал келет.

Бакай Банк Грин шаарыбыздын экологиялык борборунун чок ортосунда – “Ынтымак” сейил багынын жанында, Чыңгыз Айтматов проспекти 243 дарегинде жайгашкан.

 

 

 

Поделится