Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


POS-терминал


POS-терминал (Point of sale) – соода тейлөө ишканасында картаны жана аралыктан тейлөө боюнча башка инструменттерди колдонуу аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөнгөн төлөмдү кабыл алуучу терминал.

«БАКАЙ БАНК» ААК төмөнкүлөрдү сунушайт:

  1. Соода жана тейлөө ишканаларына ЭЛКАРТ,VISA жана МИР банктык төлөм карталарынын жардамы менен нак эмес эсептешүү жүргүзүү жаатында кызматташуу максатында POS-терминалдарды акысыз орнотот.
  2. Тарифтердин ийкемдүү системасы. Комиссиянын өлчөмү жекече түрдө белгиленет жана Сиздин уюмдун ишмердигинин түрүнө, соода жүгүртүмүнүн өлчөмүнө жараша аныкталат;
  3. Банктык карталарды колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча деталдаштырылган көчүрмө;
  4. Кыска мөөнөттө ордун толтуруу;
  5. Эсептешүү эсебин акысыз ачуу*;
  6. Эсептен каражаттарды акысыз накталоо;

 Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын карталарын эки миллиондон ашык колдонуучулары жана VISA картасынын 1,5 миллиондон ашык колдонуучулары бар.

В Өз кезегинде Сиздин уюмуңуз төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болот:

         1. “БАКАЙ БАНК” ААКтын маяналык долбоорлор, кредиттик программалар боюнча банктык төлөм карталарынын ээлери болуп саналышкан жаңы кардарларды тартуу, ал кардарлардын саны ар дайым көбөйүүнүн үстүндө;

         2. Башка банктардын карталарынын ээлери болуп саналышкан жаңы кардарларды тартуу;

         3. Жүгүртүүлөрдүн жогорулашы – карта ээлери пландаштырылбаган сарптоолорду жеңил жасашат.

         4. Биргелешкен лоялдуулук программасын сунуштоо аркылуу кардарларды кармап калуу мүмкүндүгү;

         5. Нак акча каражаттары менен иштөөгө кетчү чыгымдарды азайтуу (инкассацияга кетчү чыгымды үнөмдөө);

         6. Нак акча каражаттарын жүгүртүү менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу (кассада нак акча каражаттарынын болушу кызматкерлер тарабынан ар кандай алдамчылыктардын болуусун шарттайт, ошондой эле кассада нак акча каражаттары канчалык аз болсо, жасалма банкноттордун орун алуу тобокелдиги дагы ошончо аз болот);

         7. Соц.тармактарда кошумча жарнама.

 Эгерде POS-терминал орноткуңуз келсе, анда “БАКАЙ БАНК” ААКтын жакынкы филиалына кайрылып, билдирме калтырып, кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, эсептешүү эсебин ачышыңыз керек.

* Акция 2024-жылдын 31-декабрына чейин уланат
Эквайринг бөлүмү (09:00-18:00, саат 12:00дөн 13:00гө чейин түшкү тыныгуу) +996 (554) 77-81-81