Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


«БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов: «Түндүк» долбоору банк секторунун өнүгүшүнө түрткү берет

25 Октябрь 2019

«Бакай Банк» жана «БТА Банк» бирдиктүү каржы уюмуна биригүүдө. «БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасы Аалы Уманкулов бириккен банктын мерчемдери мекемелер аралык өз ара байланыштын «Түндүк» электрондук тутумунун өнүгүшүнө байланыштуу экенин айтып берди.  «Түндүктүн» жетекчисинин орун басары Азамат Буржуев 2019-жылдын аягына чейин, коммерциялык банктар менен мамлекеттин ортосундагы маалымат алмашууга багытталган баскычтарынын бири аяктаарын билдирди.  

Аалы Уманкулов, «БТА банктын» башкармалыгынын төрагасы, биздин басылмага берген маегинде бириктирилген банктын пландары тууралуу айтып берди. «БТА» «Бакайга» бириккенден кийин Кыргызстандын рыногунда ири банк пайда болоорун, уставдык капиталынын көлөмү боюнча алдыңкы үчтүккө кирип, филиалдар түйүнүнүн көлөмү боюнча 4-орунга чыгаарын билдирди. Андан сырткары, Уманкуловдун айтымында жакынкы аралыкта  мекемелер аралык өз ара байланыштын «Түндүк» электрондук тутумунун өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу, кардарларды аралыктан тейлөө боюнча кызматтардын тизмесин кеңейтүү планы турат. 

«Биз «Түндүк» менен долбоорду баштадык. Эгер «Түндүк» ийгиликтүү ишке кирсе, ал банк секторунун өнүгүшүнө чоң түрткү берет. Бул көпчүлүктүн жашоосун жөнөкөйлөтөт. Азыр банктар элден көптөгөн арыз-документтерди чогултууну талап кылат, баардыгын кардар өзү жасашы керек болууда», ­ дейт «БТА Банктын» төрагасы.

Аалы Уманкулов, кыргызстандык банктар бир катар чет элдик банктардан технологиялык жана ыңгайлуу продуктуларга инвестиция салгысы келбеген үчүн эмес, маалыматтар базасы, алардын ичинде мамлекеттик маалыматтарга жете албай жаткандары үчүн артта калышууда.  

«Чет өлкөлөрдө байланыш компаниялары маалыматтарды сатышат. Ал жакта баары жеңил, эч ким кагаз чогултууга чуркабайт. Баары көз ирмемде компьютерден иштелип чыгат. Өнүккөн өлкөлөрдө банктар маалымат үчүн акча төлөшөт, ал эми маалымат базасына ээлик кылган мамлекеттик органдар ал акчага өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртып, айлыктарын жогорулатып, унаа же жабдык сатып алып, оңдоп-түзөөлөрдү жасашат», дейт Уманкулов.

«БТА Банктын» башкармалыгынын төрагасы, ошондой эле биригүү аяктагандан кийин  2020-жылдын башында бириккен «Бакай»  банкы, мурда эки банкта тең болуп көрбөгөн технологиялык продуктуларды киргизүүгө зарыл болгон ресурска ээ болоорун белгиледи.

«Коммерциялык түзүмдөрдүн платформасы аркылуу мамлекеттик кызматтар»

Мекемелер аралык өз ара байланыштын «Түндүк» электрондук тутумунун жетекчисинин орун басары, биринчи вице премьер-министрдин кеңешчиси Азамат Буржуев, өз кезегинде мамлекет дагы коммерциялык банктардын өнүгүшүнө кызыктар экенин белгилейт.

«Биз жарандарда мамлекеттик кызматтарды коммерциялык түзүмдөрдүн платформасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болсо дейбиз. Мисалы, көпчүлүк банктардын интернет-банкинги бар. Мамлекеттик кызматтарды банктардын жана мобилдик операторлордун платформасына кошууга мүмкүнчүлүк турса, өзүнчө мамлекеттик платформа түзүп, жарандарды ага катталууга мажбурлоонун эмне кереги бар?»,  дейт Буржуев.

«Түндүктүн» жетекчисинин орун басары,  учурда аталган мекеме Соцфондго которуулар боюнча маалымат алмашууну жеңилдетүү үчүн банктарды системага кошуу иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Азыркы учурда банктар насыялоодо төлөй алуу жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн Соцфонддон маалымат талап кылат.

«Аталган тутум, КР Коопсуздук кеңешинин тапшырмасы менен жарандардын жеке маалыматтарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлөөрү менен иштеп баштайт. Бул долбоор кол коюу алдында турат. Тийиштүү орган 2019-жылдын аягына чейин түзүлөт деп ойлойм»,дейт Азамат Буржуев. 

Азамат Буржуевдин айтымында, учурда банктар Мамлекеттик каттоо кызматынан жарандардын жынысы жана паспорттордун жарактуулугу тууралуу маалыматтарды алууда. Анын пикиринде, «Түндүктүн» ишке кирүүсү интернеттен дароо насыялоонун өнүгүшүнө  түрткү болот.

Поделится