Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бакай Банк бизнеске кандай артыктчылыктарды тартуулайт?

06 Февраль 2024

Азыркы учурда онлайн-технологиялар көптөгөн ишмердиктин, аны менен бирге финансылык ишмердик жаатынын ажырагыс бөлүгүнө айланып бара жатат. АДМ (автоматташтырылган депозиттик машина) ишкерлердин ишин олуттуу жеңилдетип, алардын бизнесинин натыйжалуулугун жогорулатат. АДМ – бул нак акча каражаттарын иштетүүгө арналган, банктын касса бөлүмдөрүнө барып жүрбөстөн жана банкнотторду кол менен санап отурбастан, акча каражаттарын компаниянын эсебине көз ирмемде которууга мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдуу.

АДМ жабдуусун колонуунун төмөнкүдөй артыкчылыктарын белгилеп кетмекчибиз:

  • Операциялык чыгымдарга кетчү убакытты үнөмдөө: компаниянын кызматкерлери нак акчалард менен жүргүзүлчү операцияларды даярдоого убакыт кетиришейт, ошондой эле купюраларды коштоочу документтерди тариздөөнүн кереги жок.
  • Ашыкча чыгымдалчу эмгекти кыскартуу: кызматкерлер купюраларды иреттеп убактыларын коротушпайт (АДМ акча каражаттарын номиналдары боюнча иреттелгенинен же иреттелбегендигинен көз карандысыз түрдө эсептейт);
  • Киргизилген банкнотторду жогорку ылдамдыкта саноо;
  • Киргизилген акча каражаттарын банк кызматкерлеринин катышуусуз эле ошол замат эсептешүү эсебине чегерүү, мунун өзү кардардын убактысынын үнөмдөлүшүнө шарт түзөт;
  • Жүргүзүлгөн операциялардын чек аркылуу тастыкталышы;
  • Жасалма купюраларды заманбап детектордун жардамы аркылуу натыйжалу аныктап чыгуу;
  • Интерфейс ж.б. ыңгайлуу болгондуктан эксплуатациянын жөнөкөйлүгү;

Бакай Банк сиздердин финансылык операцияларыңызардын коопсуздугун жана эң жогорку ыңгайлуулуктарды камсыздоо максатында бизнес үчүн сунушталчу сервистерди ар дайым жакшыртып турат. Азыркы учурда сиздер жогоруда аталган артыкчылыктарды Бакай Банктын төмөндө көрсөтүлгөн эки бөлүмүнөн пайдалана аласыздар:

  1.  “Борбордук” филиалы, Москва көч. 118 дареги боюнча жайгашкан, саат 9дан саат 17ге чейин иштейт;
  2.  “Чекене Борбор” филиалы Абдрахманов көч. 125 дареги боюна жайгашкан, күнү-түнү иштейт, акча каражаттарын каалаган убагыңызда эсептешүү эсебиңизге чегерсеңиз болот.

Убактыңызды бизнесиңиздеги маанилүү маселелерди чечүү үчүн пайдаланып, финансылык операцияларды өркүндөтүүнү жана жакшыртууну Бакай Банктын – сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүздүн АДМ жабдуусуна тапшырыңыз.

 

 

 

 

Поделится