Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Бизге 25 жыл!

28 Декабрь 2023

Бүгүн биздин банк өзүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат. Биринчиден, биз бардык кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө ушул жылдар бою көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет.
Бул убакыттын ичинде биздин Банк финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө лидерлердин бири болуп, өзүнүн позициясын бекемдеди. Биздин ишибизде биз кардарлар менен узак мөөнөттүү мамилелерди өнүктүрүүгө жана жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүүгө умтулабыз.
Бакай Банк Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн социалдык жана кайрымдуулук демилгелерине активдүү катышат. Биз «25 жыл – 25 жакшы иш» масштабдуу социалдык долбоорунун жыйынтыгы менен сыймыктанабыз, анын алкагында биздин Банк билим берүү, экология, маданият жана спорт тармактарында бир катар демилгелерди ишке ашырды.
Биз ушул 25 жыл ичиндеги жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз жана бул жолду сиздер менен бирге улантууну чыдамсыздык менен күтөбүз.

Поделится