Персоналдык Консьерж

Урматтуу кардар, Сизге “Персоналдык Консьерж” аталышындагы  жаңы кызматты сунуштайбыз.

 “Персоналдык Консьерж”- бул Сиздин каалаган маселеңизди чечүүгө жардам берген,  күнү-түнү иштөөчү сервис. Жер шаарынын  кайсы гана булуң-бурчунда жашабаңыз,  “Персоналдык Консьерж” кызматы  күнүнө 24 саат, жумасына 7 күн бою Сиздин тапшырмаларыңызды аткарууга, Сизге керектүү маалыматтарды берүүгө жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө даяр. Бул Сиздин жашооңузда, саякаттарда жүргөнүңүздө бир телефон чалуу аркылуу жардамга келүүчү персоналдык экспертиңиз болуп саналат. “Персоналдык Консьерж” кызматы планетанын кайсы жеринде болбосун орус жана англис тилдеринде  Сизге кызмат көрсөтө алат.

Сиздин “Персоналдык Консьерж” кызматыңыз кандай көмөк көрсөтө алат? 

Саякаттарды уюштуруу

Консьерж кызматы саякат менен байланыштуу бардык маселелерди чече алат- авиа билетин жана темир жол билетин издөө, сатып алуу,  мейманкана брондоо, трансферди уюштуруу, автоунааны ижарага алуу ж.б. Мындан тышкары,   Сиз Консьерж кызматынан өзүңүз барган жерлерден каалаган нерселериңизди ыңгайлуу баада сурам кыла аласыз.    Эгер Сиз чет тилин билбесеңиз, кабатыр болбой эле койсоңуз болот,  консьерж кызматы сиздин ордуңузга баары жөнүндө алдын-ала сүйлөшө алат.

 

     Бош убакыт

Консьерж кызматы Сиздин эс алууңузду таптакыр жаңыча уюштар алат. Сиз ижарага яхта, вертолет,  эксклюзивдик авто унаа же тез жүрүүчү катер ала аласыз.  Сиз  гурмандардын арасында белгилүү болгон ресторандарга, көңүл ачуу жайларына, театрларга жана кино ачылыш аземине  баруу мүмкүнчүлүгүн аласыз. Консьерж кызматы    Сиздин убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөө менен,  дүйнөнүн кайсы болбосун өлкөсүндө өтүп жаткан ар түркүн иш-чараларга билеттерди сатып бере алат.

Бизнес-кызматтар

Консьерж кызматы,    Сиз берген тапшырмаларды өз убагында жана так аткарат,  манилүү иштер же жолугушуу жөнүндө эскертет, иштиктүү сүйлөшүүлөр үчүн бардыгын уюштуруп берет, валютанын жаңы котировкалары тууралуу жана негизги биржа индекстери  тууралуу маалымдайт, керек болсо Сизди керектүү күндө ойготуп койгонго даяр. Сиз өзүңүздүн иштериңизди жана маселелериңизди кесипкөй адамдарга тапшырганыңызга толугу менен ишенсеңиз болот.

Үй тиричилиги боюнча жардам берүү

 

Консьерж кызматы,    Сизди эс алуудан же жакындарыңыз менен бирге болуудан алаксыткан проблемаларды чечүүгө  жардам берүүгө даяр.  Сиздин үй бүлө  түйшүгүңүздү биз толугу менен өзүбүзгө алууга даярбыз, тактап айтканда: азык-түлүк продуктуларды ташып жеткирүү, жайларды тазалоо жана кир жуу кызматтарын сунуштоо,  күнүмдүк тиричилик маселелерин чечүүдө жардам берүү, сантехникти, электрикти же слесарды  чакырууга жардам берүү.

 “Персоналдык Консьерж” кызматы- жөнөкөй компьютердик программа эмес, бул Сиздин тапшырмаларыңызды аткарууга дайыма даяр болгон кесипкөй адамдардын тобу.  Кайсы жерде болбоңуз, кайсы мезгилде болбосун, эгер Сизге жардам керек болсо – Сиз маселени бир телефон чалуу менен максималдуу кыска убакыт ичинде өзүңүз тандаган ыңгайлуу баада чече аласыз.

 

Сиздин каалоолоруңуз жайгашкан жериңизден, убакыттан көз карандысыз түрдө орундалат. Болгону бизге бир жолу телефон чалып коюу гана жетиштүү. “Бакай Банктын” Visa артыкчылыктуу карт ээлери үчүн, ушул сервисти пайдалануу толугу менен акысыз. “Персоналдык Консьерж” кызматынын иштөө режими-24 саат, жумасына 7 күн. Төмөнкү телефон номери боюнча чалсаңыз болот: +996 312 962581.  Сиздин жеке жардамчыңыз болгон “Персоналдык Консьерж” кызматы,  Сиз үчүн баардыгын жасап берүүгө дайым  даяр!

 

Сиз  өз алдынча  карта  же нак акча каражаттары аркылуу,   тандаган товарларыңызга, көңүл ачуу иш-чараларына,  же башка кызматтарга төлөй аласыз.  “Персоналдык Консьерж” кызматынын мүмкүнчүлүктөрү сиз барган өлкөдө орун алган саясий санкциялар, согуштук аракеттер, ошондой эле жаратылыш кырсыктары менен чектелиши мүмкүн.

 

 «Алтын Консьерж»   ПРОГРАММАСЫ

Сервис

  Баяндамасы

САЯКАТТА ЖҮРҮҮДӨГҮ

ЖАРДАМ

Транспорттун кайсы түрүнө болбосун билеттерди брондоо

Аткаруучу Кардарга авиа рейстердин, поезддердин багыты жана башка транспорттун ырааттамасы тууралуу толугу менен маалыматты сунуштайт, которулуп түшө турган рейстерди тандап берет,  Кардардын атынан билеттерди брондоп жана төлөп берет, билеттерди кайтарып берүү же алмаштыруу боюнча жардам көрсөтөт, ошондой эле талаш жана форс-мажордук  кырдаалдарда колдоо көрсөтө алат.

Авиакомпаниялардын рейстерине каттоодон өтүү       

Кардардын суроо-талабы боюнча Аткаруучу аны  калааган убакытта   авиакомпаниянын рейсине каттоодон өткөрөт.               

Мейманканаларды брондоо жана алар тууралуу маалымат

Аткаруучу дүйнөнүн кайсы болбосун шаарындагы мейманканалар тууралуу толук маалыматты Кардарга сунуштайт. Кардар тандаган номерди анын атынан брондойт жана төлөйт.

Автомоунааларды ижарага алуу

Аткаруучу машиналардын класстары жана алардын ижарага бериле тургандыгы тууралуу маалыматты Кардарга сунуштайт, ошондой эле  Кардардын атынан автоунааны брондоп, төлөйт.

Визалар тууралуу маалымат

Аткаруучу дүйнөнүн кайсы болбосун өлкөсүнө виза алуу  шарттары тууралуу маалыматты Кардарга айтып берет,  документтердин жана визалардын берилишин, курьердик кызматты пайдалануу аркылуу жеткирилишин уюштурат. Кыска мөөнөт ичинде жана адаттан тышкаркы учурларда кызматтардын бардык комплексин сунуштаган  компания-ортомчулардын,  визалык борборлордун жана элчиликтердин,  консулдуктардын телефон номерлерин жана даректерин сунуштайт.

Деңиз жана дарыя круиздерин уюштуру   

Аткаруучу  Кардар үчүн  деңиз же дарыя круизин тандоого, ошондой эле  билеттерди брондоого жана төлөөгө   жардам берет       

Саякаттоо үчүн мобилдик операторду тандоого жардам берүү 

Аткаруучу саякаттоо үчүн мобилдик операторду тандап, актуалдуу тарифтер жана шарттар жөнүндө кенен маалымат алат.          

Бизнес-залдар, VIP-залдар жана башка коштоочу кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат

Аткаруучу Кардарга Россия Федерациясынын жана чет өлкөлөрдүн  аэропортторундагы  Бизнес-залдар, VIP-залдар тууралуу маалымат сунуштайт.  Бизнес-залды же  VIP-залды брондойт, кардар өз рейсин максималдуу түрдө ыңгайлуу күтүүсү үчүн Fasttrack кызматын жана башка коштоочу кызматтарды уюштурат.

Экскурсияларды уюштуруу, гидди жана котормочуну жалдоо.

Бул кызмат көрсөтүү өзүнө   экскурсияларды, гидди жана котормочуну тандоодо маалыматтык колдоону, ошондой эле экскурсияларга билеттерди брондоо жана төлөө иштерин уюштурууну камтыйт.     

“САЯКАТТООЧУЛАР ҮЧҮН ШАШЫЛЫШ КЫЗМАТТАР” ПАКЕТИ

«КОНСЬЕРЖ SILVER» включает все услуги пакета «Экстренные Услуги для Путешествующих» «КОНСЬЕРЖ SILVER» өзүнө “Саякатчылар үчүн шашылыш кызматтар” пакетинин бардык кызмат көрсөтүүлөрүн камтыйт.

  БОШ УБАКЫТ

Ресторандар,  барлар, клубдар тууралуу маалымат. Столдорду брондоо

Аткаруучу  дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү ресторандар, кафелер, барлар жана клубдар тууралуу толук маалыматты Кардарга сунуштайт   жана   ал тандаган жайда орундарды алдын ала ээлейт.

Спорт жана маданият иш-чаралары тууралуу маалымат, билеттерди брондоо

Кардар өзү тандаган өлкөдөгү спорт жана маданият иш-чараларынын өткөрүлүш убактысы, орду жана күнү тууралуу кенен маалымат алат. Аткаруучу билеттерди  брондойт, сатып алат жана кардарга жеткирип берилишин уюштурат.

Сулуулук салондору жана SPA-салондор тууралуу маалымат

Кардар ошол аймактагы сулуулук салондору жана  SPA-салондору тууралуу толук маалыматты   алат. Аткаруучу тандалган жайга,  Кардардын баруусун уюштурат.  

Эс алуучу жайлар жана бош убакытты өткөрүү, спорттук аянтчаларды ижарага алуу     

Спорттук аянттарды издөө жана ижарага алуу, ошондой эле эс алуу жана бош убакытты өткөрүү жайлары тууралуу бардык керектүү маалыматты Кардарга сунуштоо.                 

БОШ УБАКЫТ

Товарлар жана кызматтар тууралуу маалымат, керектүү буюмга тапшырык берүү, төлөө жана аны жеткирип берүү, кызматты уюштурууда жардам көрсөтүү

Аткаруучу Кардар өзүнө керектүү предметти сатып алууга же кызмат көрсөтүүлөргө тапшырык берүүгө мүмкүн болгон дүкөндөрдүн жана салондордун даректерин сунуштайт. Кардардын суроо-талабы боюнча  консьерж-кызматы    тапшырыкты аткарат   жана буюмду жеткирип берет же тандаган кызматты уюштурат, ошондой эле жеңилдетүүлөр жана сатып түгөтүүлөр тууралуу маалыматты сунуштайт. 

Фитнес-клубдар, спорт клубдары жана секциялар тууралуу маалымат  

Аткаруучу кардардын суроо-талабы боюнча, анын фитнес-клубга, спорт-клубуна же секцияга баруусун уюштурат, ошондой эле кардарга алардын иштөө режими, жайгашкан жерлери, баалары тууралуу маалыматты сунуштайт.  

БИЗНЕС КЫЗМАТТАР

Курьердик жеткирип берүү

Ишенимдүү ташып жеткирүү кызматтарынын жардамы менен, Аткаруучу Кардардын документтерин жана буюмдарын дүйнөнүн кайсыл болбосун бурчуна жеткирилишин уюуштурат.  

Белектерди  жана гүлдөрдү жеткирүү   

Кардардын каалоосун эске алуу менен Аткаруучу гүлдөрдү жана белектерди сатып алат, аларды дүйнөнүн кайсы болбосун аймагындагы алуучуга белгиленген убакта жеткирилишин уюштурат.

Катчынын кызматтары

Аткаруучу Кардарга жеке  катчыны тандайт. Жеке катчынын милдеттерине: жолугушууларды уюштуруу, документтерди даярдоо жана жол-жоболоштуруу, документтерди жана факстарды жөнөтүү ж.б. кызматтар кирет.      

Көчмө химиялык тазалоо кызматы  жана кир жуучу кызматы

В удобное время Исполнитель организует выездную химчистку и прачечную. Водитель приедет к Клиенту, заберёт вещи и привезёт обратно чистые. Бережное отношение к стирке и глажке, а также скорость исполнения заказа оставят благоприятное впечатление. Аткаруучу Кардарга ыңгайлуу болгон убакытка көчмө химиялык тазалоочу кызматынын  жана кир жуучу кызматынын келишин уюштурат. Айдоочу Кардарга барат, анын кийимдерин алып кетип, кайра таза кийимдерди ага алып келет. Кийимдердин этияттык менен тазаланышы, үтүктөлүшү, ошондой эле тез арада аткарылышы Кардарга жагымдуу таасир калтырат. 

Такси чакыруу

Аткаруучу Кардар каалаган убакытка керектүү жерге таксини чакырат.

ЖОЛ ЖҮРҮҮДӨ   ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ          

Шашылыш эвакуация уюштуруу   

Кардардын автоунаасы бузулуп калса жана аны оңдоого мүмкүнчүлүк жок болсо, Аткаруучу  эвакуаторун келүүсүн уюштурат.  

Жолдо оңдоо

Эгер Кардардын автоунаасы бузулгандыгынан улам аны жолдо оңдоого мүмкүнчүлүк жок болсо, Аткаруучу тийиштүү кызматтарды чакырат

Аккумуляторду кубаттандыруу

Если у автомобиля Клиента разрядился аккумулятор, Исполнитель организует приезд технической службы, специалисты которой осуществят зарядку аккумулятора. Эгер Кардардын автоунаасынын аккумуляторунун кубаты түгөнсө, Аткаруучу техникалык кызматты  чакырат. Алардын адистери  аккумуляторду кубаттандырат.

Автоунааны ачуу жана  тосмодон чыгаруу

Эгер автомоунааны ачуу же     тосмодон чыгаруу керек болсо, Аткаруучу атайын техникалык кызматтын келишин уюштурат.          

Дөңгөлөк куроо, жууп-тазалоо, химиялык тазалоо, дөңгөлөктөрдү сактоо көчмө кызматтары   

Кардардын калоосу боюнча Аткаруучу  дөңгөлөктөрдү куроо, жууп-тазалоо, химиялык тазалоо, дөңгөлөктөрдү сактоо көчмө кызматтары   

Бензин ташып жеткирүү

Эгер Кардарда бензин түгөнсө, Аткаруучу анын керектүү жерге ташылып жеткирилишин уюштурат.       

ҮЙ  ЖАЙЛУУЛУГУ

Шашылыш кызматтардын жардамын уюштуруу

Аткаруучу Кардардын үйүнө адистин келишин уюштурат же ага атайын кызматтар жана алар сунуштоочу кызматтардын баалары тууралуу маалыматты сунуштайт.

ҮЙ  ЖАЙЛУУЛУГУ

Турмуш-тиричилик жактан  жардам берүү, техниканы оңдоо

Турмуш-тиричилик техникасын орнотуу, башка турмуш-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү үчүн Аткаруучу  Кардарга ыңгайлуу болгон убакытта,  анын үйүнө атайын адистердин келишин уюштурат же ушул  кызматтар жана алардын баалары тууралуу маалыматты сунуштайт.

Орун жайларды тазалоо

Аткаруучу орун жайларды комплекстүү тазалоо боюнча кызматтардын толук спектрин суншутоочу клирингдик компаниялар тууралуу керектүү маалыматты сунуштайт, ошондой эле Кардарга ыңгайлуу болгон убакытта  анын үйүнө тандалган компаниянын атайын адистеринин келишин уюштурат

Азык-түлүк продуктуларын жеткирүү

Аткаруучу Кардардын үйүнө кайсы маалда болбосун  азык-түлүк продуктуларынын ташылып жеткирилишин уюштурат.

Орун жайларды тазалоо

Аткаруучу орун жайларды комплекстүү тазалоо боюнча кызматтардын толук спектрин суншутоочу клирингдик компаниялар тууралуу керектүү маалыматты сунуштайт, ошондой эле Кардарга ыңгайлуу болгон убакытта  анын үйүнө тандалган компаниянын атайын адистеринин келишин уюштурат

ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫН КАРОО

Ветеринардык клиникалар

Кардар ошол аймакта жайгашкан  ветеринардык клиникалар анын ичинде алардын баалары, шартттары жана иштөө режими тууралуу керектүү маалыматты алат. Аткаруучу Кардардын суроо-талабы боюнча анын  ветеринардык клиникага баруусун уюштурат.

Үй жаныбарлары үчүн мейманканалар

Кардар үй жаныбарлары үчүн мейманкалар боюнча бардык керектүү маалыматты алат.  Бул кызматка үй жаныбарын Кардар тандаган мейманканага жеткирүү дагы кирет.

Үй жаныбарларын кароо, аларды кыркуу

Бул кызмат ошол аймактагы  үй жаныбарларын кароо боюнча салондор тууралуу маалыматты Кардарга сунуштайт жана анын  тандаган жайга баруусун уюштурат.

Жаныбарлар дүкөндөрү жана жаныбарлар үчүн товарлар

Аткаруучу кайсы шаарда болбосун жаныбарлар дүкөндөрүнүн иштөө режими, алардын жайгашкан ордулары, жаныбарлар үчүн тигил же бул товарлардын бар экендиги жана алардын баалары тууралуу маалыматты Кардарга сунуштайт.

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛДОО            

Медициналык жана стоматологиялык жардам алууга жолдомолор   

        

Аткаруучу ошол аймакта жайгашкан клиникалардын, ооруканалардын, стоматологиялык клиникалардын даректери, телефон номерлери, кабыл алуу сааттары, ошондой эле стоматологдордун, докторлордун аттары тууралуу маалыматты Кардарга сунуштайт.     

Жаңылыктар

Валюта курсу

Сатып алуу Сатуу
USD 69.8000 69.9000
EUR 76.4000 77.3000
RUB 1.0300 1.0570
KZT 0.1820 0.1870
GBP 88.0000 93.0000
CNY 9.3000 10.5000
Сатып алуу Сатуу
USD 69.7500 69.9000
EUR 76.0000 77.7000
RUB 1.0250 1.0800
KZT 0.1750 0.1930
GBP 86.0000 95.0000
CNY 8.7000 11.0000
Эсептик курс
USD 69.8500
EUR 76.4683
RUB 1.0646
KZT 0.1840
GBP 90.1938
CNY 9.9274

Орнотуу боюнча курстан 29.02.2020

Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат