KG

Баалуу кагаздар менен операциялар

 

 

"Бакай Банкы" ААКсы Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногу боюнча так жана толук маалыматтарды сунуштоо менен жогорку кесипкөйлүк деңгээлде кеп-кеңештерди берип, брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, кардарлардын бардык каалоо-тилектерин, ой-пикирлерин эске алуу менен операцияларды ишке ашырат.

Банк Казныналыгы тарабынан Кыргыз Республикасынан мамлекеттик баалуу кагаздардын бардык түрү менен:

  • колдонуу мөөнөтү 3,6,12 ай болгон мамлекеттик казына векселдери менен операцияларды
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүгүртүү мөөнөтү 7,14, 28 күндүк нотарлары менен операцияларды
  • мамлекеттик казына облигациялары менен операцияларды жүзөгө ашырыып келет

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен операцияларды жүргүзүү маселелери боюнча "Бакай Банкы" ААКсынын башкы кеңсесине жана Казыналыгына же болбосо банктын Call-борборуна 0312 61-00-61 телефону аркылуу кайрылып, тактап алсаңар болот.

Банктын Казыналыгы:

  • нак жана нак эмес чет өлкө валюталарын сатып алуу-сатуу курстарын, кросс-курстарды белгилейт;
  • банктын дилингдик жана валюталык стратегиясын ишке ашырат;
  • банктар аралык валюта рыногунда жана эл аралык рыноктордо бүтүмдөргө келишет;
  • улуттук жана чет өлкө валютасында акча каражаттарын тартуу жана жайгаштыруу боюнча банктар аралык бүтүмдөргө келишип, ресурстардын өз учурунда кайтарылышын контролдоп турат;
  • уюмдарга, биргелешкен ишканаларга жана тышкы экономикалык ишкердик менен алектенген банк кардарларына консультациялык кеп-кеңештерди берет;
  • банк тарабынан ликвиддүүлүк боюнча белгиленген ченемдердин, ачык валюта позицияларынын так сакталышын, корреспонденттик эсептерде акча каражаттарынын чектелген өлчөмүнүн сакталышын контролдойт;
  • финансы рыногунун сегменттеринде өздөштүрүлүп жаткан инвестицяларга талдап иликтөөлөрдү жүргүзөт;
  • баалуу кагаздарды сатып алат/сатат.

 

Баалуу кагаздар аукциондорунун жыйынтыгы боюнча маалыматтар

 

Баалуу кагаздардын түрлөрүУлуттук банктын ноталарыКРФМ МКВКРФМ МКО
Жүгүртүү мөөнөтү7 к.28 к.91 к.3 ай.6 ай.12 ай.24 ай.
Датасы28.01.202028.01.202028.01.202009.01.202009.01.202023.01.202011.10.2019
Суроо талап, миң сом2 885 000.001 240 000.00310 500.00460 130.00370 630.00205 334.0050 967.00
Сунушталган көлөм миң сом2 835 000.001 200 000.00300 000.00100 000.0025 000.00105 334.0050 967.00
Орточо алынган кирешелүүлүгү, %3.673.994.235,106,005,887,51
Номиналдык наркы, сом10 00010 00010 000100100100100

 

 

 

 

 

Мамлекеттик кыска мөөнөттүү бул баалуу кагаздар насыя (займ) жайгаштыруу жана акча ресурсун мобилизациялоо максатында чыгарылат жана юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдарга номиналдык наркында жеңилдиктери менен эркин сатылат жана алар тарабынан сатылып алынат. Номиналдык наркы - 100 сом.

 

 

Бул мамлекеттик баалуу кагаздар насыя (займ) жайгаштыруу жана акча ресурсун мобилизациялоо максатында чыгарылат. Баалуу кагаздын бул түрү юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдарга номиналдык наркында жеңилдиктери жана катталган сый акысы менен эркин сатылат жана алар тарабынан сатылып алынат. Номиналдык наркы - 100 сом. Жүгүртүү мөөнөтү - 2 жыл.

 

 

Бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган, жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу үчүн каралган мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Ноталар дисконту менен сатылат жана номиналдык наркы боюнча төлөнөт. Бир нотанын номиналдык наркы - 10 000 сом.

Жаңылыктар

Валюта курсу

Сатып алууСатуу
USD81.700081.9000
EUR95.000096.5000
RUB1.02801.0520
KZT0.18600.2000
GBP94.0000110.0000
CNY9.000013.0000
Сатып алууСатуу
USD81.400081.9000
EUR94.400096.9000
RUB1.01501.1000
KZT0.15000.2050
GBP93.0000111.0000
CNY8.500013.5000
Эсептик курс
USD81.8000
EUR95.9514
RUB1.0372
KZT0.1893
GBP105.5285
CNY12.0852

Орнотуу боюнча курстан 30.10.2020

Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат