KG

Жеке сейфтик чөнөктөр (ячейкалар)

Ишенимдүү жай

Ишенимдүү сактоо жайы жок болгондуктан, баалуулуктар жаздык алдында, шкафтын ичинде, уктоочу бөлмөдө тургандыгы ар бирибизди тынсыздандырбай койбойт. Ошондуктан, күнү-түнү ишенимдүү коргоого алынган банкта сактоо алда канча ыңгайлуу эмеспи. Демек, банктар сунуштап жаткан жеке сейфтик ячейкаларга акча каражаттарын, маанилүү документтерди, баалуу кагаздарды, зэр бумдарын жана искусство чыгармалырын сактоого болот.

Сактоо мөөнөттөрүнүн ыңгайлуулугун

Сейфтик ячейкаларды көрсөтүлгөн мөөнөткө – бир айдан бир нече айга чейин ижарага алуу ыңгайы каралган. Айрыкча кыска мөөнөткө, мисалы эмгек өргүүгө чыгуу же иш сапарына жөнөө учурларында же болбосо саткан баалуу буюмуңуздан түшкөн акчанын ишенимдүү сакталып трушу үчүн банктар сунуштап жаткан ячейкаларды пайдалануу алда канча ишенимдүү жана коопсуз болуп саналат. Мындан тышкары,  Бакай Банкы тарабынан узак убакытка ижарага алгандыгы (6 айдан ары) үчүн таасирдүү жеңилдиктер да каралган.

Банктыксейф –бул коопсуздук

Бакай Банкынын –депозитарийдин күнү-түнү байкоо жүргүзгөн видеокамералар менен жабдылган атайы жайларында жайгашкан брондолгон, заманбап коргоо каражаттары менен камсыз кылынган банктыксейфтерден каалаган өлчөмдөгү, эки кулпу менен жабылуучу, эки ачкычы болмоюнча аларды ачуу мүмкүн болбогон, кардардын өзүнөн тышкары, башка бирөөнүн киришине катуу тыюу салынган ячейкаларды ижарага алып, ишенимдүү банк кызматынан пайдаланууну сунуштайбыз.

Маалыматтардын купуялуулугунун ишенимдүү сакталышы

Банк адиси ячейканы кантип пайдаланууга боло тургандыгы тууралуу ырааттуу толук кеп-кеңеш бергенден кийин, ал депозитарий жайынан чыгып кетет. Демек, ячейкага эмне салынаарын кардардын өзүнөн башка эч ким билбейт. Бакай Банкы ячейкага салынгандардын толук сакталышын жана аларга кол тийбестиктигарантиялайт.

 

Кызмат көрсөтүү наркы

    Жаңылыктар

    Валюта курсу

    Сатып алууСатуу
    USD84.450084.8000
    EUR102.3000103.8000
    RUB1.14301.1620
    KZT0.18500.2100
    GBP101.0000118.0000
    CNY10.500014.0000
    Сатып алууСатуу
    USD84.450084.8500
    EUR102.0000104.2000
    RUB1.13501.1750
    KZT0.17000.2120
    GBP99.0000119.0000
    CNY8.500015.0000
    Эсептик курс
    USD84.8000
    EUR102.9133
    RUB1.1560
    KZT0.2024
    GBP115.3217
    CNY13.0502

    Орнотуу боюнча курстан 21.01.2021

    Курстар Бишкекте орнотулду. Курстар чейинки суммалар үчүн жарактуу болуп саналат $1000 (Же башка өлкө менен) өлчөмдө ашык курстар$1000 келишимдик болуп саналат