Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Visa Gold (Виза Голд)

Төлөм карттары
  • Валюта : Cом, Доллар
  • Чыгаруу : Акысыз
  • Жыл ичинде тейлөө : Биринчи жылы 0 сом, калган жылдары - 500 сом/5$
Visa Gold (Виза Голд)

VISA Gold -бул премиалдык VISA картасы.

Visa карталары - бул универсалдуу төлөм инструменти. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча  Visa логотиби менен белгиленген түйүндөрдө, банкоматтарда, реалдуу жана вертуалдуу  (интернет дүкөндөрдө) дүкөндөрдө,ошондой эле товарларды жана кызматтарды почта жана телефон аркылуу сунуштоочу дүкөндөрдө кабыл алынат. Ыңгайлуу, тандоо мүмкүнчүлүгү бар жана финансылык жактан ийкемдуу болгондуктан орточо кирешеге ээ керектөөтүлөр көп колдонушат. Бул категориядагы карттар - нарктын жана суншталуучу кызматтардын спектрлеринин оптималдуу айкалышы болуп саналат. Алар бүткүл дүйнө жүзү боюнча банкоматтарда, соода жана тейлөө ишканаларында , импринтер (банктык карттарды кабыл алуу үчүн механикалык түзүлүш) колдонушкан жайларда чектөөсүз кабыл алынат.

Бул карттардын ээлерине кызмат көрсөтүүлөрдүн кенен спектри сунушталат: банкоматтарда жана ПОС терминалдарда акча каражаттарын чыгаруу, интернет же телефон аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө тапшырык берүү, авто унааларды ижарага алуу,мейманканаларды брондоо ж.б.

Валютасы: сом, доллар 

Чыгаруу: акысыз

Жыл ичинде тейлөө: 1-чи жыл — акысыз, кийинки жылдар - 500 сом / $5 

«Бакай Банкы» ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу  консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот

Шашылыш аванс

"Бакай Банкы" ААКсынын "Шашылыш аванс" овердрафты картта акча каражаты калбай калган шартта, зарыл төлөмдү төлөөгө мүмкүндүк берет.

Бул ыңгайлуулук - "Шашылыш аванс" овердрафты"Бакай Банкы" ААКсынын эмгек акы картына ээ болгон кардарларга сунушталат. Банк эмитирлеген эмгек акы картына ээ болгондор ушул продукттан өз карты боюнча үч эмгек акы өлчөмүн чегинде акча каражатынан пайдалана алышат. Банктын аманатчылары да бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болот.

Иш жүзүндө карт эсебиндеги акча каражатын ашыкча чыгымдоодой көрүнгөнү менен "Шашылыш аванс" овердрафты  келип чыгышы ыктымал болгон күтүүсүз жагдайларга алдын ала кам көрүү болуп саналат.

 

Овердрафты алуу шарттары:

  • Эмгекакы долбоорунун катышуучусунан болуу/же «Бакай Банкында ачылган депозиттин болушу»
  • Эмгек акы долбоорунда 12 айлык стажынын болушу
  • Овердрафт мөөнөтү: 12 ай (пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен)
  • Эмгек акынын 80% чейин алууда «Бакай Банкына» билдирме калтыруу зарыл
  • Орточо эмгек акынын 80% жогору жана үч айлык орточо эмгек акы өлчөмүндө каражат алуу үчүн эмгек акы долбоору боюнча кесиптештердин бирөөсүнүн кепилдиги талап кылынат.
  • Пайыздык чени — жылдык 28%

 

«Бакай Банкы» ААКсында жана “Достук түйүнүнө” туташкан өнөктөш банктардын жабуударынанири өлчөмдөгү сумманы нак акчага айландырып алуу мүмкүнчүлүгүда караштырылган.  

 

Достук түйүнү

«Достук түйүнү” – Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча орнотулган банкоматтар жана терминалдар кеңири топтомун өзүндө камтыган түйүн.  Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар өз жабдуулар бир түйүнгө туташтырып, карттарды тейлөө кызматын сунуштап келет. Учурда:

  • 500дөн ашуун банкомат;
  • 606дөн ашуун терминал иштеп жатат.

Карт ээлери “Достук түйүнүнө” туташкан банктардын жабдууларынан «Бакай Банкы ААКсынын тарифтери боюнча Элкарт/VISA төлөм карттарынан каражаттарды нак акчагаайландырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Достук  түйүнүнө” туташкан банктардын курамына төмөнкү банктар кирет:

«Бакай Банкы» ААКсы

«КИКБ» (KICB) ЖАК

«Айыл Банк» ААКсы

«Банк Азии» ЖАК,

 «Дос-Кредобанк» ААКсы

Финанс Кредит Банк КАБ

”Капитал Банк” ААКсы

“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу  консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот.