Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


VISA кредиттик карталары

5 айлык маянага чейинки каражат ар дайым колуңузда
  • Валюта : Cом
  • Чыгаруу : Акысыз
  • Жыл ичинде тейлөө : 300 сомдон баштап
VISA кредиттик карталары

Кредиттик карт – каалаган учурда жектиликтүү болгон, сактоодогу акча. Мындай картты бир жолу жол-жоболоштуруңуз дагы, 5 айлык маянага чейинки көз ирмемде тийүүчү кредиттерди 2 жыл бою пайдаланыңыз.

Пайызсыз 45 күнго чейин же жылына 12 000 сомго чейинки кешбэк

Кредиттик карт – форс-мажор жаралган учурда эң мыкты чечим. Туруктуу кирешеңиз бар кезде аны жол-жоболоштуруп, жөн гана сактап коюңуз. Мындай кредитти пайдаланбаган болсоңуз, ал үчүн төлөөнүн кереги жок.

“Бакай Банк” 45 күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөтү бар кредиттик картты сунуштайт, ал мөөнөттүн ичинде нак эмес жол менен сатып алууларды жүргүзгөн учурда карт боюнча кредиттик лимитти колдонгондугуңуз үчүн банк пайыздарды кошуп эсептебейт.

Кредиттик акча каражаттарды нак акчага айландырган учурда акча каражаттары алынган учурдан баштап пайыздар кошулуп эсептелет. Ошондой эле жаңы айдын экинчи числосунан баштап сатып алууларды жүргүзө турган болсоңуз, Сиз үчүн кайрадан жеңилдетилген мезгил ачылат.

Кэшбэк: POS-терминалдардан сатып алууда 1% (Кыргыз Республикасында) жана онлайн сатып алууда (жергиликтүү транзакцияларда) 3%. Кененирээк маалымат.

Эскертүү: жеңилдетилген мезгил жана кэшбек QR-төлөмдөргө берилбейт.


 

 

Адаттагы кредитке караганда жакшы

Кредиттик карт адаттагы керектөөчүлүк кредитке караганда пайдалуу экендиги менен айырмаланат:

  • Бир жолу документтерди чогултуп, көз ирмемде тийүүчү кредиттерди 2 жыл бою пайдаланасыз.
  • Өнөктөштөрдө арзандатуулар бар.
  • Акча каражаттары ар дайым жеткиликтүү, күтүүсүз сарптоолордун келип чыгуусу сизди кооптондурбайт.
  • Пайыздар лимиттин пайдаланылган бөлүгүнө гана кошуп эсептелет, эгерде сиз коротпогон болсоңуз, эч нерсе төлөбөйсүз.
  • Башка жеке адамдар 100 миң сомго чейинки, ал эми кызматкерлер 150 миң сомго чейинки лимит ачкан учурда күрөөнүн дагы, кепилдик берүүчүнүн дагы кереги жок.
  • Кредитти Bakai24 мобилдик банкинги аркылуу бир-эки басмакты басып эле төлөөгө болот.
  • Кредиттин максаттуулугун тастыктоонун кереги жок – акчаны кандай максатка жумшоону өзүңүз чечесиз.

Карыз алуучулардын категориясы

Кредиттик лимит

Пайыздык чендер

Эмгек акылык уюмдардын кызматкерлери

Орточо 5 айлык маянага чейин

0% - нак эмес түрдөгү бардык сатып алууларга карт колдонулган датадан баштап айдын акырына чейин пайызсыз мезгил сунушталат.

25% - карттан нак кредит алган учурда нак акча алынган датадан баштап пайыздык чен боюнча кошуп эсептелет

Банктын картынын ээлери болуп саналган пенсионерлер

Орточо 5 айлык пенсиялык чегерүүлөргө чейинки акчалай компенсациялар, бирок 50 000 сомдон ашык эмес

0% - нак эмес түрдөгү бардык сатып алууларга карт колдонулган датадан баштап айдын акырына чейин пайызсыз мезгил сунушталат.

25% - карттан нак кредит алган учурда нак акча алынган датадан баштап пайыздык чен боюнча кошуп эсептелет

Башка жеке адамдар

Орточо 5 айлык маянага чейин

0% - нак эмес түрдөгү бардык сатып алууларга карт колдонулган датадан баштап айдын акырына чейин пайызсыз мезгил сунушталат.

26% - карттан нак кредит алган учурда нак акча алынган датадан баштап пайыздык чен боюнча кошуп эсептелет

Ишкерликтен киреше табышкан жеке адамдар

Жекече эсептелет

0% - нак эмес түрдөгү бардык сатып алууларга карт колдонулган датадан баштап айдын акырына чейин пайызсыз мезгил сунушталат.

26% - карттан нак кредит алган учурда нак акча алынган датадан баштап пайыздык чен боюнча кошуп эсептелет

 

 

Эмгек акылык уюмдардын кызматкерлери жана Банктын картынын ээлери болуп саналган пенсионерлер

500 000 сомго чейинки кредиттер

Паспорт

500 000 сомдон жогорку кредиттер

1) Карыз алуучунун, анын аялынын/күйөөсүнүн паспорту, никеси жөнүндө күбөлүк;

2) Кепилдик берүүчүнүн, анын аялынын/күйөөсүнүн паспорту, никеси жөнүндө күбөлүк;

3)Кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктоочу документтер;

4)Күрөөгө берилчү кыймылсыз мүлктүн документтери (укук белгилөөчү документтер, курууга техпаспорт, кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө).

 

 

Башка жеке адамдар жана ишкерликтен киреше табышкан жеке адамдар үчүн

300 000 сомго чейинки кредиттер

1) Паспорт

2)Кирешесин тастыктоочу документ*

300 001 сомдон жогору
500 000 сомго чейинки кредиттер

1)  Карыз алуучунун, анын аялынын/күйөөсүнүн паспорту, никеси жөнүндө күбөлүк;

2) Кепилдик берүүчүнүн, анын аялынын/күйөөсүнүн паспорту, никеси жөнүндө күбөлүк;

3)Кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктоочу документтер.

500 000 сомдон жогорку кредиттер

1)  Карыз алуучунун, анын аялынын/күйөөсүнүн паспорту, никеси жөнүндө күбөлүк;

2) Кепилдик берүүчүнүн, анын аялынын/күйөөсүнүн паспорту, никеси жөнүндө күбөлүк;

3)Кепилдик берүүчүнүн кирешесин тастыктоочу документтер;

4)Күрөөгө берилчү кыймылсыз мүлктүн документтери (укук белгилөөчү документтер, курууга техпаспорт, кыймылсыз мүлккө карата укуктардын мамлекеттик реестринен көчүрмө).

* Акыркы 3-12 айдагы кирешелери жөнүндө маалымкат/патент/күбөлүк

 

 

Банктын жаңы картасына үч кадам

1
Билдирме толтуруңуз
Бул үчүн 2 мүнөт кетет, байланышчу адам жана телефон номери гана керек
2
Оператордун чалуусун күтүңүз
Карта даяр болгондо качан жана кайсы жерде алыш керек экендигин билдиребиз
3
Картаны алыңыз
Банктын кеңсесине паспортуңуз менен келиңиз

Консультация алууга билдирме калтырыңыз

Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот


Сиздин маалыматтарыңыздын коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик беребиз