Кобрендингдик карт – бул ЭЛКАРТ төлөм карты болуп саналат, анын жардамы менен сиздер MegaPay капчыгынан өз акча каражаттарыңыздарды нак акчага айландыра аласыздар. Кобрендингдик карттар «Альфа Телеком» ЖАК жана «Бакай Банк» ААК тарабынан биргелешип чыгарылат.
Картты MegaPay аркылуу онлайн-билдирме толуруу аркылуу тариздесе болот.
Колдонуучунун онлайн-билдирмеси жактырылган учурда кобрендингдик картты “БТА Банк” ЖАКтын кайсы болбосун кеңсесинен алса болот.
Карт акча каражаттарын нак акчага оңой айландырууга жана ЭЛКАРТ улуттук төлөм системасынын ыңгайлуу шарттарын пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Кобрендингдик карттын ыңгайлуулугунунун 5 себеби:
• MegaPay аркылуу онлайн-билдирме,
• ЭЛКАРТ картын акысыз чыгаруу,
• Алгачкы жылы акысыз тейлөө,
• Бакай Банктын жана Достук тармактын банкоматтарында нак акчага акысыз айландыруу,
• “Бакай Банк” ААКтын терминалдарында жана бөлүмдөрүндө ЭЛКАРТ картын акысыз толуктоо.
Валюта: сом
Чыгаруу:акысыз
Жылдык тейлөө: 100 сом
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу консультанттар менен байланышыңыздар, же “Бакай Банк” ААКтын кеңселеринен маалымат алыңыздар.
Достук түйүнү
«Достук түйүнү” – Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча орнотулган банкоматтар жана терминалдар кеңири топтомун өзүндө камтыган түйүн. Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар өз жабдуулар бир түйүнгө туташтырып, карттарды тейлөө кызматын сунуштап келет. Учурда:
Карт ээлери “Достук түйүнүнө” туташкан банктардын жабдууларынан «Бакай Банкы ААКсынын тарифтери боюнча Элкарт/VISA төлөм карттарынан каражаттарды нак акчагаайландырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
“Достук түйүнүнө” туташкан банктардын курамына төмөнкү банктар кирет:
«Бакай Банкы» ААКсы
«КИКБ» (KICB) ЖАК
«Банк Азии» ЖАК,
«Дос-Кредобанк» ААКсы
Финанс Кредит Банк КАБ
”Капитал Банк” ААКсы
“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот.