Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Ислам Финансылык Борбордун Карты

Ислам Финансылык Борбордун Карты
  • Валюта : Сом
  • Чыгаруу : Акысыз
  • Жыл ичинде тейлөө : 100 сом
Ислам Финансылык Борбордун Карты

 Ислам фианасылык борборунун  (ИФБ) карты. 

Бул продукт ислам каржылоо принциптерине дал келет,ошондой эле Банктын Шариат кеңеши менен макулдашылып, жактырылган. Эми Ислам финансылык борборунун картынын ээлери үчүн сатып алууларды төлөө, которууларды жүргүзүү жана Банктык тейлөөнүн Ислам принциптеринин алкагында каралган башка операцияларды жүргүзүү боюнча мыкты мүмкүнчүлүк  пайда болду. 

ИФБ карттары боюнча акча калдыктарына карата пайыздар кошулуп эсептелбейт. Карттардагы акча калдыктары менен Банк Исламдык Шариат принциптерине каршы келген операцияларды жүргүзбөйт. 

ИФБга тиешелүү Элкарт карттарына акча каражжатарын толтуруу үчүн кандайдыр бир пайыздар алынбайт, "Бакай Банктын" кассаларында ИФБ карттарын толтуруу акысыз жүргүзүлөт.

ИФБга тиешелүү Элкарт төлөм карттары боюнча төмөнкү мекемелерде сатып алуу жүргүзүү программалык деңгээлде тосмолонгон: 

∙            алкоголдук ичимдиктерди жана  тамеки саткан дүкөндөрдө; 

∙            көңүл алуучу жана оюн - зоок жайларда, букмекердик кеңселерде;     

∙            адепсиз мүнөздөгү мазмун камтыган сайттарда; 

Өз ишмердигин  негизи ишмердиктен айырмаланган багытта жүргүзүшкөн соода дүкөндөрүнүн төлөм системаларында туура эмес катталуу үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт. 

 

Достук түйүнү

Достук түйүнү” – Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча орнотулган банкоматтар жана терминалдар кеңири топтомун өзүндө камтыган түйүн. Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар өз жабдуулар бир түйүнгө туташтырып, карттарды тейлөө кызматын сунуштап келет. Учурда:

  • 400дөн ашуун банкомат;
  • 600дөн ашуун терминал иштеп жатат.

Карт ээлери “Достук түйүнүнө” туташкан банктардын жабдууларынан «Бакай Банкы ААКсынын тарифтери боюнча Элкарт/VISA төлөм карттарынан каражаттарды нак акчага айландырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Достук  түйүнүнө” туташкан банктардын курамына төмөнкү банктар кирет:

«Бакай Банкы» ААКсы

«КИКБ» (KICB) ЖАК

«Банк Азии» ЖАК,

 «Дос-Кредобанк» ААКсы

  Финанс Кредит Банк КАБ

”Капитал Банк” ААКсы

Бул боюнча ырааттуу маалымат  алуу үчүн Бакай Банкы» ААКсынын 6111 номери боюнча байланыш борборуна же анын  кеңселерине түздөн-түз кайрылууга болот.