- банктын филиалына же аманат кассасына кайрылуу зарыл;
- инсандыкты тастытктаган документти кошо ала келүү талап кылынат;
- документтердин толук топтомун толтуруу зарыл.
- VISA Electron/Classic/Gold карттары аркылуу интернеттен сатып алгандар үчүн төлөөгө болот, бирок VISA Electron карты сатып алууда кабыл алынышы шарттарын сайттан алып таанышууга болот.
- Төлөм картын ачууга банк коопсуздуктун камсыз кылынышы максатында карт аркылуу онлайн-төлөмдөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө чек коет. Он-лайн төлөмдөрүнөн пайдалануу үчүн банкка өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл. Интернет аркылуу сатып алуулар үчүн карт аркылуу төлөөдө алдамчылык тобокелдиги күч алаарын да эске тутуу зарыл.
- ПИН-кодду өзүңүздөн башка киши билбөөгө тийиш. Демек, ал өзгөрбөйт.
- Банктын кайсыл болбосун бөлүмүнө кайрылып, картты кайра чыгартып алууга билдирме калтыруу талап кылынат (Бишкек шаары боюнча 5 жумуш күнү ичинде, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча 10 жумуш күнү ичинде).
- Банктын аманат кассалары же филиалдары аркылуу, инсандыкты тастыктаган документтерди көрсөтүп, банктык карттын реквизиттерин так билүү аркылуу акча каражатын сатуу менен төлөм картын толуктап алууга болот. Бул үчүн комиссиялык төлөм кармалбайт.