Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Product Image

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусу Бизнес кредиттер

1 000 000 USD чейин
Cуммасы
бар
Күрөө
бизнести өнүктүрүү үчүн
Иш багыты
бар
Кепилдик берүүчү
60 айга чейин
Мөөнөтү
5 пайыздан баштап
Пайыздык чени

Маалымат 

"Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондусунун программасы боюнча бизнести өнүктүрүүгө кредиттер

Максаттуу аудитория:

Кыргыз Республикасынын программаларда жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн убактылуу жобосунда катышуучуларды тандоого карата белгиленген талаптарга (критерийлерге) жооп берген жарандары

Талаптар (критерийлер):

Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодон өтүп, ишин жүзөгө ашырып жаткан, төмөндө келтирилген талаптарга жооп берген чакан жана орто бизнес субьекттери:

  1. өткөн жылдагы дүң пайдасынын көлөмү 200 млн сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес субьекттери;
  2. отчеттук мезгил ичинде кызматкерлеринин орточа саны 250адамдан ашпаганчакан жана орто бизнес субьекттери;
  3. чакан жана орто бизнес субьекттеринин уставдык капиталында мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин) катышуу үлүшү 5 пайыздан ашпоого тийиш.
  4. чакан жана орто бизнес субьектиси болуп саналбаган, бир же бир нече юридикалык жакка таандык болгон субьекттин уставдык капиталдагы үлүшү 50%ашпоого тийиш;
  5. кредит берилип жаткан субьект банктын же фонддун инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналууга тийиш эмес;
  6. чакан жана орто бизнес субьекттеринин финансылык абалы туруктуу болушу зарыл;
  7. карыз болгон субьекттин уставдык капиталында үлүшү 51 пайыздан көбүрөөктү түзгөн карыз алуучуга, ошондой эле анын катшуучусунан болгон юридикалык жакка карата банкроттук иши козголууга тийиш эмес;
  8. берилген ар бир кредит боюнча экономикаолык жактан так негизделген баштапкы төлөө булагынын болушу зарыл(дефолт жагдайы келип чыккан шартта да күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүгө жол бербөө үчүн).

Кредитвалютасы: KGS, USD

Кредитсуммасы: 3 000 USDдан ары же KGS эквивалентинде 1 000 000 USDчейин же KGS эквивалентинде

Кредит өздөштүрүлүүчү максаттуу иш багыты:

Агроөнөржайкомплекси,тигүү жанатекстиль өндүрүшү,кайра иштетүү өнөр жайы,тоо кендерин казып алуу жанаметаллургия өндүрүшү, транспорт,туризим, соода жүргүзүү инфратруктурасын кошо алганда,инфраструктураларды өнүктүрүү, медицина жана билим берүү тармактарына негизги каражаттарды сатып алуу, аларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтип модернизациялоо, ошондой эле фонддун уставында белгиленген, анын расмий сайтында жайгаштырылган тармактык классификацияда көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү жана милдеттерди аткаруу максатында өндүрүшкө багытталуучу узак мөөнөткө каралган башка инвестицияларды өздөштүрүү.

Башка банктардан алынган кредиттерди кайра каржылоо кредит суммасынын30%ашпоого тийиш жана төмөндө келтирилген шарттар аткарылган учурда гана ага жол берилет:

1.кайра каржыланып жаткан кредит инвестициялык максаттарга пайдаланылып, өздөштүрүлүп жаткан долбоорго түздөн-түз байланыштуу болууга тийиш;

2.кайра каржыланып жаткан кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгы бүтүм боюнча тиешелүү документтер менен тастыкталышы зарыл (эсеп боюнч көчүрмө, келишим, эсеп-фактура жана инвойс,ГТД,аткарылган иштер боюнча акты, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы);

3.кайра каржыланып жаткан кредитти пайдалануу мөөнөтү билдирме келип түшкөн учурдан тартып кеминде алты айды камтууга тийиш;

4.кайра каржыланып жаткан кредиттин негизги суммасы жана кошуп эсептелинген пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй, өткөрүлүп жиберилген төлөмдөр болбоого тийиш;

5.Фонддун башкармасы тарабынан башкача чечим кабыл алынбаса, финансылык абалдын же карызды тейлөө шартынын начарлап кетишине байланыштуу кайра каржыланып жаткан кредиттиреструктуризациялоо(негизги карызды жана пайыздарды).

Банктардан башка финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган кредиттерди кайра каржылоого таюу салынган.

Пайыздык чени:

Төмөндө көрсөтүлгөн багыттар боюнча:

сомменен жылдык  10%; АКШ долларындажылдык  5%

сомменен жылдык 12%;АКШ долларында жылдык 7%:

- Бишкекшаарында туризм инфраструктурасын жакшыртуу

-  соода жүргүзүү багытынын инфраструктурасын жакшыртуу

-  билим берүү тармагынын инфраструктурасын жакшыртуу

-  транспортчөйрөсү

-байлангыш жана маалымат жагынан кызмат көрсөтүүлөр.  

 

*Натыйжалуу пайыздык чен жылдык 5 пайыздан баштап.

 

 

Карыз алуучу:

  • Патенттин негизинде же жеке ишкер катары иш алып барган ишкерлер (жеке адамдар);
  • 2. Юридикалык жактар.
  • Ар бир каржылоого алынып жаткан долбоордун жалпы суммасынын кеминде 15% өлчөмүндө жеке салым.

Төмөндө көрсөтүлгөндөр долбоорго салым катары кабыл алынышы мүмкүн:

- нак жана нак эмес акча каражаттары;

-кредит алууга банкка билдирме берилген же билдирме берилгенге чейин эле долбоордун капиталдык чыгашаларына инвестицияланган  финансылык ресурстар. Мында кредиттин эсебинен банк каржылоого алган сарптоолорсуз долбоордун бөлүгү эч кандай экономикалык мааниге ээ болбой тургандыгы айкын тастыкталууга тийиш;

- долбоордо колдонулуп жаткан өндүрүштүк негизги каражаттар түрүндөгү активдер.

  • Кеминде 12 ай иштегендиги;
  • Туруктуу кирешеге ээ кеминде бир кепил болуучунун болушу;
  • Бишкек,  Ош,  Жалал-Абад шаарлары,Чүй областынын  Аламүдүн,Сокулук райондору үчүн нак акчага айландырылган сумма:

-эгерде кредит суммасы   2 млн сомдон (же  30  миң АКШ долларынан)   ашпаса, кредит суммасынан  10%

-эгерде кредит суммасы   2 млн сомдон  (же 30  миң АКШ долларынан)  ашпаса, бир кредиттин алкагында 15миң АКШ долларынан (же1 млн. сомдон)  ашпаган чекте

Кыргыз Республикасынын Чүй областынын  Панфилов, Жайыл, Москва, Ысык-Ата, Чүй, Кемин районондору, ошондой эле  Ош,  Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас, Баткен  жана  Нарын областтары үчүн нак акчага айландырылуучу сумма  30 миң АКШ долларын  (же башка валютадагы анын  эквивалентин түзүүгө тийиш)

Кепилдик:

Милдеттүү түрдө кеминде бир адамдын кепилдиги болууга тийиш.

Өз алдынча иштеп тапкан кирешеге ээ кепил болуучу же жубайлардын кепилдиги, эгерде кардар турмушка чыккан/үйлөнгөн болсо, алардын тапкан кирешеси милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш.

Кредиттик комитеткелип чыгышы ыктымал болгон кредиттик тобокелдикке жараша  айрым кредит боюнча кепил болуучулардын санын көбөйтүүгө укуктуу.

1.Карыз алуучунун паспорту жана анын үй-бүлөлүк абалы тууралуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн маалым кат (карыз алуучу бойдок/ажырашкан, жесир же жесил болсо);

2. Нике күбөлүгү –  үй бүлөлүү экендигин тастыктоо үчүн сунушталат;

3. Карыз алуучунун жубайынын (үйлөнгө/турмушка чыккан болсо) паспорту жана кредит алууга анын макулдук каты;

4. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер;

5. Күрөө коючунун паспорту жана анын үй-бүлөлүк абалы маалым кат (күрөө коючу бойдок/ажырашкан, жесир же жесил болсо);

6. Нике күбөлүгү –  үй-бүлөлүү экендигин тастыктоо үчүн сунушталат;

7. Күрөө коючунун жубайынын (үйлөнгөн/турмушка чыккан болсо) паспорту жана кредит алууга анын макулдук каты;

8. Бизнес боюнча документтер

9. Кепил болуучунун паспорту жанаанын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымат(кепил болуучубойдок/ажырашкан, жесир же жесил болсо);

10. Кепил болуучунун нике күбөлүгү анын үй-бүлөлүү экендигин тастыктоо үчүн сунушталат;

11. Кепил болуучунун жубайынын паспорту (үйлөнгөн/турмушка чыккан болсо) паспорту жана кредит алууга анын макулдук каты;

12. Кепил болуучунун кеминде акыркы 12 айдагы эмгек акысы боюнча маалым кат (чегерилгени, кармалып калгандары жана төлөөгө каралган суммасы так көрсөтүлгөн таблица түрүндө) же анын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган башка документтер;

13.Карыз алуучу юридикалык жактар болсо, уюштуруу документтери;

14.Ошондой эле, кредитти тариздетүү зарыл болгон башка документтер.

Рассчитайте свой кредит

Насыянын суммасы

Суммасы тандалган жок

Пайыздык чен

28 %

Аннуитеттик төлөмдөр

0

Жалпы суммасы төлөнөт үчүн

0

Консультация алууга билдирме калтырыңыз

Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот


Сиздин маалыматтарыңыздын коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик беребиз

Бакай Банктын башка кредиттери