Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


VISA кредиттик карталары

Жеке ишкерлерге
  • Валюта : Cом
  • Чыгаруу : Акысыз
  • Жыл ичинде тейлөө : Акысыз
VISA кредиттик карталары

Кредиттик карт – каалаган учурда жектиликтүү болгон, сактоодогу акча. Мындай картты бир жолу жол-жоболоштуруңуз дагы, 5 айлык маянага чейинки көз ирмемде тийүүчү кредиттерди 2 жыл бою пайдаланыңыз.

Пайызсыз 45 күнго чейин же жылына 12 000 сомго чейинки кешбэк

Кредиттик карт – форс-мажор жаралган учурда эң мыкты чечим. Туруктуу кирешеңиз бар кезде аны жол-жоболоштуруп, жөн гана сактап коюңуз. Мындай кредитти пайдаланбаган болсоңуз, ал үчүн төлөөнүн кереги жок.

“Бакай Банк” 45 күнгө чейинки жеңилдетилген мөөнөтү бар кредиттик картты сунуштайт, ал мөөнөттүн ичинде нак эмес жол менен сатып алууларды жүргүзгөн учурда карт боюнча кредиттик лимитти колдонгондугуңуз үчүн банк пайыздарды кошуп эсептебейт, ошондой эле бир ай ичинде сатып алуулардан 1000 сомго чейинки кешбэкке (акча каражаттарын картка кайтаруу) ээ картты сунуштайт.

Кредиттик акча каражаттарды нак акчага айландырган учурда акча каражаттары алынган учурдан баштап пайыздар кошулуп эсептелет. Ошондой эле жаңы айдын экинчи числосунан баштап сатып алууларды жүргүзө турган болсоңуз, Сиз үчүн кайрадан жеңилдетилген мезгил ачылат.

*Лоялдуулук программасы (кешбэк) соода түйүндөрүндө 100 сом жана андан ашык суммага сатып алуулар жүргүзүлгөн учурда сунушталат. Транзакциянын суммасынын 2% өлчөмүндөгү бонус, 1 бонус=1 сом, 100 же андан ашык бонуска жеткенде, VISA Classic/Gold/Platinum  картасына  айдын акырында которулат. Бир айдагы кешбэктин максималдык суммасы 1000 сомду түзөт.

Транзакциянын суммасынын 5% өлчөмүндөгү бонус, 1 бонус=1 сом, 100 же андан ашык бонуска жеткенде, VISA Infinite  картасына  айдын акырында которулат. Бир айдагы кешбэктин максималдык суммасы 2000 сомду түзөт. Бонустар карыз алынган акча каражаттарына гана чегерилет. Эсептердин балансы оң болгон учурда бонустар чегерилбейт. 

Акция 2024-жылдын 31-мартка чейин улантылат.

Эскертүү: жеңилдетилген мезгил жана кэшбек QR-төлөмдөргө берилбейт.

Достук түйүнү

«Достук түйүнү” – Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча орнотулган банкоматтар жана терминалдар кеңири топтомун өзүндө камтыган түйүн.  Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар өз жабдуулар бир түйүнгө туташтырып, карттарды тейлөө кызматын сунуштап келет. Учурда:

  • 500дөн ашуун банкомат;
  • 606дөн ашуун терминал иштеп жатат.

Карт ээлери “Достук түйүнүнө” туташкан банктардын жабдууларынан «Бакай Банкы ААКсынын тарифтери боюнча Элкарт/VISA төлөм карттарынан каражаттарды нак акчагаайландырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Достук  түйүнүнө” туташкан банктардын курамына төмөнкү банктар кирет:

«Бакай Банкы» ААКсы

«КИКБ» (KICB) ЖАК

«Айыл Банк» ААКсы

«Банк Азии» ЖАК,

 «Дос-Кредобанк» ААКсы

Финанс Кредит Банк КАБ

”Капитал Банк” ААКсы

“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу  консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот.

Банктын жаңы картасына үч кадам

1
Билдирме толтуруңуз
Бул үчүн 2 мүнөт кетет, байланышчу адам жана телефон номери гана керек
2
Оператордун чалуусун күтүңүз
Карта даяр болгондо качан жана кайсы жерде алыш керек экендигин билдиребиз
3
Картаны алыңыз
Банктын кеңсесине паспортуңуз менен келиңиз

Консультация алууга билдирме калтырыңыз

Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот


Сиздин маалыматтарыңыздын коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик беребиз