Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Элкарт — Эмгек акылык долбоору

Төлөм карттары
  • Валюта : Сом
  • Чыгаруу : Акысыз
  • Жыл ичинде тейлөө : 100 сом
Элкарт — Эмгек акылык долбоору

Маалымат 

ЭЛКАРТ банктык төлөм карты – бул Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын карты. Элкарт карты Кыргызстандын аймагындагы банкоматтарда жана  POS-терминалдарда нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө), эмгек акысын, пенсияны, жөлөк пулдарды алуу үчүн пайдаланылат.

ЭЛКАРТ банктык карттары рыноктун кайсы болбосун сегменти үчүн жеткиликтүү болуп саналат, б.а. эмгек акылык долбоордун кызматкерлери (мугалимдер, врачтар), пенсионерлер, жеке адамдар, ошондой эле корпоративдик кардарлар дагы пайдалана алышат.

Бул продуктунун артыкчылыгы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • жеткиликтүү баа;
  • банкоматтык жана терминалдык тармактын тездик менен кеңейиши;
  •  ишенимдүүлүк;
  • каражаттарыңызга күнү-түнү жеткиликтүүлүк (сиз нак акча каражаттарын кайсы маалда болбосун ала аласыз, анткени көптөгөн банкоматтар күнү-түнү иштейт), ошондой эле үйүңүздөн чыкпастан туруп, Bakai24 мобилдик банкинги аркылуу керектүү операцияларды жүргүзө аласыз
  • товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ыңгайлуу төлөө;
  • Bakai24 мобилдик банкинги аркылуу коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө менен убакытты үнөмдөө;
  • акча каражаттарын коопсуз сактоо;
  • нөөмөт режиминде же кыдыруу режиминде иштеген болсо, иш-сапарларга көп чыккан учурларда эмгек акыны алууда ыңгайлуулук;
  • үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча карттарды чыгаруу мүмкүндүгү, ошондой эле аларга эсепке карата чектелген же чектелбеген жеткиликтүүлүк орнотуу мүмкүндүгү.

5 айлык маянага чейинки револьвердик кредиттик карттардын, лоялдуулук программаларынын, 2 пайызга чейинки cash-back сунушталышы ЭЛКАРТ картынын ыңгайлуулугун дагы бир жолу тастыктайт.

Андан тышкары банк тарабынан рыноктун ар түрдүү сегменттерин эске алуучу тарифтер иштелип чыккан. Мамлекеттик мекемелердин жана бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн эмгек акылык долбоорлордун алкагында эң төмөнкү тарифтер белгиленген (сом менен).

Улуттук төлөм карт Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода-тейлөө ишканаларында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн, ошондой эле нак акча каражаттарын берүү пункттарынан жана банкоматтардан нак акча каражаттарын алуу үчүн арналган.

Валюта: сом

Чыгаруу: Акысыз

Жыл ичинде тейлөө:1-чи жыл — акысыз; 2-чи жыл и кийинки жылдар — 100 сом

“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу  консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот

Эмгек акы долбоору

Элкарт / Visaэмгек акы карттары тигил же бул уюм тарабынан жүзөгө ашырылган кассалык операциялар оорчулугун алда канча жеңилдетип, төлөнүп жаткан эмгек акылар боюнча маалыматтардын купуя сакталышын камсыз кылат.

 Кызматкерлердин эмгек акысын алуу үчүн зарыгып кезекте туруу ыңгайсыздыгын жокко чыгарып, убакытты үнүмдөө, акчаны инкассациялоогокеткен чыгашаларды азайтуу - бул мүмкүнчүлүктүн негизги артыкчылыгынан болуп саналат.

Эмгек акы долбоорунун катышуучуларына мындан тышкарыкарт аркылуу овердравфты тариздетүү ыңгайлуулугу да сунушталат ("Шашылыш аванс").

Эмгек акы долбоору боюнча карттарды тейлөө шарттары:

  • Чыгарып берүү: Акысыз
  • Валютасы: Сом
  • Азайтылбаган калдык: 0
  • Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес төлөө: Акысыз

 

«Бакай Банкы» ААКсында жана “Достук түйүнүнө” туташкан өнөктөш банктардын жабуударынанири өлчөмдөгү сумманы нак акчага айландырып алуу мүмкүнчүлүгүда караштырылган.  

Достук түйүнү

«Достук түйүнү” – Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча орнотулган банкоматтар жана терминалдар кеңири топтомун өзүндө камтыган түйүн.  Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар өз жабдуулар бир түйүнгө туташтырып, карттарды тейлөө кызматын сунуштап келет. Учурда:

  • 500дөн ашуун банкомат;
  • 606дөн ашуун терминал иштеп жатат.

Карт ээлери “Достук түйүнүнө” туташкан банктардын жабдууларынан «Бакай Банкы ААКсынын тарифтери боюнча Элкарт/VISA төлөм карттарынан каражаттарды нак акчагаайландырып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

“Достук  түйүнүнө” туташкан банктардын курамына төмөнкү банктар кирет:

«Бакай Банкы» ААКсы

«КИКБ» (KICB) ЖАК

«Айыл Банк» ААКсы

«Банк Азии» ЖАК,

 «Дос-Кредобанк» ААКсы

Финанс Кредит Банк КАБ

”Капитал Банк” ААКсы

“Бакай Банкы” ААКсынын байланыш борборунун 6111 телефону аркылуу  консультанттарга же банктын кеңселерине түздөн-түз кайрылып, бул боюнча ырааттуу толук маалыматты алууга болот

 

Шашылыш аванс

"Бакай Банкы" ААКсынын"Шашылыш аванс"овердрафты картта акча каражаты калбай калган шартта, зарыл төлөмдү төлөөгө мүмкүндүк берет.

Бул ыңгайлуулук -"Шашылыш аванс" овердрафты"Бакай Банкы" ААКсынын эмгек акы картына ээ болгон кардарларга сунушталат. Банк эмитирлеген эмгек акы картына ээ болгондор ушул продукттан өз карты боюнча үч эмгек акы өлчөмүн чегинде акча каражатынан пайдалана алышат. Банктын аманатчылары да бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланса болот.

Иш жүзүндө карт эсебиндеги акча каражатын ашыкча чыгымдоодой көрүнгөнү менен "Шашылыш аванс" овердрафты  келип чыгышы ыктымал болгон күтүүсүз жагдайларга алдын ала кам көрүү болуп саналат.

 

Овердрафты алуу шарттары:

  • Эмгекакы долбоорунун катышуучусунан болуу/же «Бакай Банкында ачылган депозиттин болушу»
  • Эмгек акы долбоорунда 12 айлык стажынын болушу
  • Овердрафт мөөнөтү: 12 ай (пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен)
  • Эмгек акынын 80% чейин алууда «Бакай Банкына» билдирме калтыруу зарыл
  • Орточо эмгек акынын 80% жогору жана үч айлык орточо эмгек акы өлчөмүндө каражат алуу үчүн эмгек акы долбоору боюнча кесиптештердин бирөөсүнүн кепилдиги талап кылынат.
  • Пайыздык чени — жылдык 28%

 

«Бакай Банкы» ААКсында жана “Достук түйүнүнө” туташкан өнөктөш банктардын жабуударынанири өлчөмдөгү сумманы нак акчага айландырып алуу мүмкүнчүлүгүда караштырылган.  

Банктын жаңы картасына үч кадам

1
Билдирме толтуруңуз
Бул үчүн 2 мүнөт кетет, байланышчу адам жана телефон номери гана керек
2
Оператордун чалуусун күтүңүз
Карта даяр болгондо качан жана кайсы жерде алыш керек экендигин билдиребиз
3
Картаны алыңыз
Банктын кеңсесине паспортуңуз менен келиңиз

Консультация алууга билдирме калтырыңыз

Консультация алуу үчүн бизге жазсаңыз же телефон чалсаңыз болот


Сиздин маалыматтарыңыздын коопсуздугуна жана сакталышына кепилдик беребиз