Шрифт:
Цвет:
Изображения:
Звук:
Настройки:
Обычная версия:

Настройки шрифта:

Выберите шрифт:
Интервал между буквами (Кернинг):
Интервал между строками:

Выбор цветовой схемы:


Эсеп ачуу (бизнес үчүн)

BakaiBank корпоративдик кардарлар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөө сунуштайт

Ар бир бизнестин өзүнчө өзгөчөлүгү бар, бирок эсеп ачпастан иш алып баруу өтө кыйын. Биз менен бүгүндөн баштап иштей баштаңыз жана сиздин уюм үчүн акысыз кассалык тейлөө алып, банктын ичинде жана филиалдар ортосунда комиссиясыз которууларды жүргүзүңүз. Бакай Банкта юридикалык эсеп ачуу - уюмдар, жеке ишкерлер үчүн комплекстүү чечим.

Бакай Банкта кассалык эсептешүү боюнча тейлөөнүн бизненс үчүн артыкчылыктары

  • Акысыз тейлөө. Сиздин уюмуңуз боюнча операциялар жок болсо, эч нерсе төлөбөйсүз. 
  • Төлөм операцияларын жүргүзүү боюнча ыңгайлуу тарифтер.
  • Кардардын эсебине акча каражаттарын чегерүү жана келип түшкөн күнү аларды нак акчага айландыруу.
  • Кассалык тартипти сактоонун жана төлөм операцияларын жүргүзүүнүн тартиптери жөнүндө маалыматтык колдоо көрсөтүү. Салык органдарында көйгөйлөрдү болтурбоого жардам беребиз.
  • Банк - Кардар системасы боюнча ыңгайлуу жана тез иш алып баруу. Меселелериңизди банкка келип отурбастан эле чечиңиз.  

Эсеп ачуу - бул оңой

Юридикалык жактарга эсеп ачуу көп убакытты талап кылбайт. Онлайн арыз бериңиз, уюм же жеке ишкана үчүн документтердин стандарттык пакетин даярдыңыз. Банкта юридикалык жакка эсеп ачуу жөнүндө келишимге кол коюңуз дагы, иштеп баштаңыз.

Маалымат

Бакай Банк корпоративдик кардарлар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү тейлөөнү сунуштайт:

Бакай Банк тейлөөсүнүн артыкчылыктары:

  • Ыңгайлуу тарифтер.
  • Кенен жайылтылган филиалдык тармакта тейленүү.
  • Электрондук тейлөөлөрдүн натыйжалуу системасы (SWIFT).
  • Корреспонденттик кенен тармак.

Эсептешүү операциялары

  • Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери үчүн улутутук жана чет өлкө валютасында эсептешүү жана күндөлүк эсептердин бардык түрүн ачуу жана жүргүзүү
  • Кардардын тапшыруусуна ылайык анын банктык эсеби боюнча бир операциялык күн ичинде жүргүзүлгөн операциялар боюнча эсептешүүлөр
  • Экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык эсептешүүлөрдүн бардык формасын ишке ашыруу
  • КЛИРИНГ, ГРОСС системалары боюнча сом түрүндөгү төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле банк ичиндеги которуулар
  • Чет өлкө банктарында ачылган корреспонденттик эсептер аркылуу SWIFT системасы боюнча эл аралык төлөмдөрдү өткөрүү
  • Акча каражаты банкка келип түшкөн күнү аларды кардарлардын эсептерине чегерүү
  • Акча каражаттарын эсептешүү эсебине келип түшкөн күнү пайдалануу
  • Банктык операцияларды жүргүзүү жана кассалык иш тартибин сактоо эрежелери боюнча кеп-кеңештерди алуу
  • Эсептер боючна акча каражаттарынын жылышына тиешелүү так маалыматтарды оперативдүү негизде сунуштоо
  • “Интернет-Банкинг” жана Банк-Кардар" электрондук эсептешүүлөр системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү

Кассалык операциялар

  • Банктын кассасындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттарын кабыл алуу жана кайрадан эсептеп чыгуу, аларды кардардын эсептешүү эсебине чегерүү
  • Банкнотту банкнотко/монетага алмаштырып берүү;
  • Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү